Жабырлануучулар Көлбаевдин үйүндө «сабалгандыктарын» билдиришти

fotografiya-24

Биринчи май райондук соту криминал авторитети Камчы Көлбаевдин ишинин видео-материалдары менен таанышты. Тасмада жабырлануучулар сот жообуна тартылып жаткан авторитеттин Чолпон-Атадагы үйүндө «сабалгандыктарын» айтышкан.

Тергөө маалында бизнесмен Медер Кожахметов Чолпон-Атада, Көлбаев менен жолугушуу маалында желкесине арматура менен сокку жегендигин билдирген.

Кожахметов сокку арт жактан болгондуктан аны ким ургандыгын так билбестигин айтты.

Тергөөнүн видеосунда Көлбаевдин Ысык-Көлдүн тоосундагы үйү көрсөтүлгөн — үй узун, бийик тосмо менен курчалган, короодо боз үйлөр көрүнүп турат.

Андан соң сот Кожахметовдун шериги, мурунку депутат Бактыбек Бекбоевдин көрсөтмөлөрү тартылган видео тасманы көрдү. Ал Кожахметов менен карыздары үчүн Көлбаевдин үйүндө уруша кеткендигин, андан кийин көчөгө чыкканда ага караңгыда кол салышып, сабап салышкандыгын тергөөчүгө айтып берген.

Эки жабырлануучу тең сот процессинин башталышында мурун каржы маселелерин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышкан Көлбаевге эч кандай дооматтары жок экендигин билдиришкен.

Көлбаевдин өзү болсо күнөөлөрүн мойнуна албай эле.

Кийинки сот отуруму 23-майга белгиленди.

Авторитет

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштап, кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле 2 «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

2010-жылдагы революциядан кийин Көлбаев кайрадан кармалган, бирок Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Автор: Зарема Султанбекова