Оштогу базарлардын санитардык-гигиеналык абалы бир жылдан бери текшериле элек

DSC_0224

Оштогу базарлардын санитардык-гигиеналык абалын буга чейин жаңы түзүлгөн инспекция текшерип келген болсо, эми кайра Өкмөттүн токтому менен бул милдет Санэпидкөзөмөл кызматына жүктөлдү. Ушул жылдын июль айынан Оштогу базарлардын абалы текшерилип, талапка жооп бербегендерине чара көрүлөт.

Ош шаарынын тургуну Дилзат Жолдошбаев мурда базардан этти кооптонбой эле сатып алса, акыркы убакта кооптуу деп эсептейт.

“Жылкы этинен кургак учук оорусу табылганы айтылууда. Бул кооптондурбай койбойт. Негизинен бул дарт ача-туяк малдарда кездешет болчу”,- дейт шаар тургуну.

DSC_0210

Ал эми Жумагул Камалова базардан суусундук ичүүдө оору жугуу мүмкүндүгүн айтат:
“Күн жылыган сайын суусундук көп сатылууда. Сатуучулар стаканды жуубай эле үстүнө куюп бере берет. Аны текшерген адам жок”-деп кейийт Жумагүл айым.

Ал эми Нуржамал Баргыбаева базарда талаптардын сакталбашына алгач администрацияны айыптайт:
“Бүгүнкү күндө базардагы санитардык-гигиена мени канааттандырбайт. Жуубай жей турган азыктарды алуудан коркосун. Базарда бозо сатылып жаткан жерде малдын карыны, анын жанында кийим, нан ж.б. сатылууда. Азыркы учурда жугуштуу оорулар көп болуп жатат. Ошондуктан базар администрациясы сатуучуларга эскертип, кулактандырышы керек”,-дейт Н.Баргыбаева.

Муну Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдындагы райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Төлөгөн Келдибаев да ырастайт. Анын айтымында, базарлар санитардык-гигиеналык гана эмес, коопсуздук талаптарга да дал келбейт.

“Оштогу базарлардын жетекчилери санитардык-гигиенага абдан көңүл буруш керек. О.э. өрткө,селге каршы коопсуздук чаралары сакталышы шарт. Коомдук ажатканаларга, жолго көңүл бурулбай, нормативдик актыларга туура келбей, азыр кейиштүү абалда. Жакынкы күндөрдө тийиштүү жетекчилер менен текшерүү иштери жүргүзүлөт “,-деди Т.Келдибаев.
Оштогу Санэпидкөзөмөл кызматынынбашкы врачы Уулкан Каратаева борбордук базардын санитардык-гигиеналык абалын көзөмөлгө алууну кайрадан колго алышканын белгилейт.

DSC_0297

“Акыркы бир жылдан бери санитардык-гигиена боюнча текшерүү иши жүргүзүлгөн жок. Себеби текшерүүнү жаңыдан түзүлгөн инспекция жүргүзүп жаткан. Быйылкы жылдын апрелинен тарта Өкмөттүн токтому менен кайрадан бизге өткөрүлүп берилди. Буга чейинки текшерүү учурунда талаптарга жооп бербеген соода-сатык жайларды прокуратурага өткөрүп бергенбиз. Өкмөттүн токтому бекитилди. Эми июль айынан текшериле баштайт. Мына ошондо башаламандык жөнгө салынат. Азыркы тапта борбордук базар жанындагы жол куруу иштери да бүтө элек”,- деп билдирди У.Каратаева.

Ош шаарында борбордук базар, “Келечек” соода түйүнү жана он чакты кичи базарлар бар.

Автор: Мээрбан Койлубай кызы