Тогуз жашар кызды «өлтүргөн» адам эки ай тергөө абагында камакта болот

Lidia-Vidyasova

Биринчи май райондук соту тогуз жашар кызды уурдап барып өлтүргөн деп шектелип жаткан Андрей Овсянниковду эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

Овсянников №1 тергөө абагына 20-майда камалды — бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Ал 9 жашар Лидия Видясованы уурдап кетип өлтүргөн деп шектелип жатат.

Сейитов Овсянников менен бирге кызды бакка аял да тергөө абагында камакта болоорун билдирди.

«Андрей Овсянников менен Бактыгүл Бекказиеваларга карата №1 тергөө абагына эки айга камоо баш коргоо чарасы белгиленди», — деди басма сөз катчы.

Ал бала багуучу аял Вадясованын апасы жок кезде ага Овсянниковдун келгенин тергөөдөн жашыргандыгы үчүн кармалгандыгын айтты.

«Бала багуучу аялдын да тиешеси бар болуп калууда, анткени алгач ал болгон окуяны жашырган» — деп кошумчалады Сейитов.

Окуя 5-май күнү болуп, милиция кызматкерлери шектүү Овсянниковду бир жарым аптадан кийин, 17-майда кармашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, каза болгон Лидия Видясованын апасы кызын бала багуучу аял менен калтырып, жумуштары менен кеткен. Бул маалда аларга шектелип жаткан адам келип, кызды уурдап кеткен.

«Ал [Овсянников] бала багуучу аял менен бирге спирт ичимдиктерин ичкен. Анан шектелип жаткан адам ал аялды алдап, кызды шаар сыртындагы үйүнө алып кетип калган», — деп жазылган ИИМдин сайтында.

Шектүү адам кыз экөөнү милиция издеп жатканын билген соң Видясованы өлтүрүп салган.

«Кылмышкер аны муунтуп, буту-колун байлап, денесин целлофан пакетке орогон. Андан соң жер төлөөсүнөн чуңкур казып, кызды көмүп салган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Кийинчерээк кармалган адам кызды кайсыл жерге көмгөндүгүн милиция кызматкерлерине көрсөтүп берген.

Овсянниковго каршы «адам уурдоо» жана «өлтүрүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ал 25 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Шектелип жаткан адамдын жактоочусу комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

ИИМден шектүү адам буга чейин да талап-тоноочулук жана зордуктоо боюнча соттолгондугун билдиришти. Бул кылмыштары үчүн ал мөөнөтүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы жатак абагында өткөрүп, ал жерден 2012-жылы качып кеткен.

Автор: Айзирек Алмазбекова