Укук коргоочулар менен кыйноолорго даттанган камактагылардын жолугушуусуна «тоскоолдук кылып жатышат» [+видео]

Жалал-Абаддагы укук коргоочу «Адилеттүүлүк» уюму шаардык убактылуу кармоочу жайдын жетекчилги кыйноолор болгондугун айтып даттанган камактагыларга кирүүгө тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирди. Комментарий алуу үчүн милиция жеткиликсиз болууда.

http://www.youtube.com/watch?v=NQ0xiNug_jY

«Адилеттүүлүк» уюмуна Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайда камакта жаткан эки адамдын туугандары кайрылышкан – камактагылар аларды анда сабап жаткандыктарын билдиришкен.

«Адилетүүлүктүн» коомдук кабылдамасынын жетекчиси Бахтыкан Жапарова 17-майда убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери «ачык эч нерсе түшүнбөй туруп эле», ал жерге укук коргоочулардын киришине уруксат бербей койгондуктарын «Эркиндик үнү» укук коргоо порталына билдирген.

Кийинчерээк укук коргоочулар шаардын прокурорунун орун басары Мирлан Кожоакматовдун жана Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Марат Ходжиматовдордун коштоосунда убактылуу кармоочу жайга кире алышкан.

Бирок кыйноолор болгондугун билдирип, даттанып жатышкан камактагы адамдар ал жерде жок болуп чыгышкан — муну изолятордун жетекчилиги алардын бири – Нурбек Түркбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында суракта экендиги менен түшүндүргөн.

«Биздин уюм менен Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайда камакта жаткан адамдын туугандары да байланышкан. Айтымдарында, аны ал жердесабашышат экен.Ишемби күнү ал мага жеке өзү телефон чалып, жардам сурады. [...] Бирок таң калычтуу кырдаалдын айкалышында ал ал жерде болбой чыкты», — дейт «Адилеттүүлүк» уюмунун юристи Уткир Джаббаров.

Укук коргоо уюмунун башчысы Валентина Гриценко «Эркиндик үнүнө» алар мындай көрүнүштөр менен көпэле жолу кездеше тургандыктарын айткан.

«Дайыма болуп турат,укук коргоочулар ал жакка барганда кыйноолор тууралуу арыз жазып беришкен камактагылады кээ бирлери сурак берүүдөн, тергөө иш-чараларынан баш тартышат», — деп жазат «Эркиндик үнү» уюму Гриценконун айткандарын.

Kloop.kg Жалал-Абад ШИИБси менен байланыша алган жок.

Укук коргоочулар Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жай Кыргызстандагы эң көйгөйлүү жайлардын бири болуп эсептелээрин жазышкан – анда камактагыларды массалык сабоо учурлары бир нече жолу катталган.

Автор: Зарема Султанбекова