Кыргызстан кулап түшкөн америкалык учактын кара кутусунун анализин алат

kc-135_crash_10854

Кыргызстандын өкмөтү 3-майда өлкөнүн түндүгүндө кулап түшкөн КС-135 учагынын кара кутусунун анализ көчүрмөсүн алат — бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору билдирди.

КС-135 учагынын кара кутусун 16-май күнү сыныктардын арасынан таап чыгышып, аны чечмелөө үчүн АКШга жөнөтүшкөн.

Авиабазанын басма сөз кызматы Кыргызстандын өкмөтү жергиликтүү укук коргоо органдары алектенип жаткан тергөө үчүн анализдин көчүрмөсүн ала тургандыгын белгиледи.

Американын аскер-аба күчтөрүнүн KC-135 майкуйгуч учагы 3-май күнү, Ооганстандагы согуштук операциялар үчүн пайдаланып жаткан «Манас» аэропортундагы Жүк ташуу борборунан учуп чыккандан көп өтпөй Кыргызстандын түндүгүндө жерге кулап түшкөн.

Эки учкучтан жана бир техник кызматкерден турган экипаждын бардык мүчөлөрү тең каза болушкан.

Учак асманда эле жарылып, анын сыныктары ири аянтка чачырап кеткен, бул өз кезегинде экипаж мүчөлөрүнүн денелерин издөө иштерин бир кыйла оорлоткон.

Ал тапта учак кырсыгы тилектештикти жаратуу менен бирге нааразычылыктары да пайда кылды — майкуйгуч учак кулап түшкөн жерден алыс эмес жайгашкан Панфилов районунун Чолок-Арык айылынын жашоочулар тобу бүгүн борбордо митинг өткөрүүнү убадалап жатышкан.

Алар учактын кулап түшүшү экологиянын булгагандыгын айтышып, компенсация талап кылып жатышат.

Автор: Зарема Султанбекова