Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы төрт жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы беттешин дароо эле жогорку деңгээлде – Азия биринчилигине тандап алуу оюндарында өткөрөт. Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер бул тарыхый учурдун күбөсү болуу үчүн команда менен бирге Бахрейнге учуп кетти.
Биринчи караганда башка жаш апалардыкындай эле бул күн Наргиза Аляеванын кадыресе күнүндөй көрүнөт. Ал убактысынын көпчүлүк бөлүгүн жакында гана бир жашка толгон уулун кароого арнайт.
Ал эрте турат да эрте жатат. Бир күн бою уулу менен бирге болуп, кечинде жумушунан кайткан жолдошун тосуп алат, ага чейин үйлөрдү жыйнап, тамак жасоого да үлгүрөт.
Бирок Аляева аптасына үч жолу машыгууга барат.
Ал профессионал футболчу – Кыргызстандын кыздары үчүн бул өзгөчө бир алектенүү катары көрүнөт. «Каракол» клубунун коргоочусу Аляева өлкөнүн курама командасы үчүн ойнойт жана жакында эле капитан болуп дайындалды.
Бүгүн ал өлкөнүн бардык аймактарынан тандалган 22 кыз менен бирге Кыргызстан Азиянын биринчилигинин тандап алуу бөлүгүнө даярданып жаткан Бахрейнде машыгууда.
Аляева менен анын өнөктөштөрү айланасындагылардан алардын футбол ойной тургандыктары боюнча таң калган пикирлерин көп эле жолу угушкан, бирок эми андай пикирлерди жайбаракат кабыл алууга үйрөнүштү.
«Алгач, албетте мени бул таң калтырып, дебаттарга катышып талашып-тиартыша баштадым. Бирок аялдар мындан да оор жумуштарда иштеп жатышат, аялдар эбак эле шайлоо укугуна ээ болушкан — анан эмнеге алар каалаган нерсеси менен алектенүү укугуна ээ эмес?» — деп суроо салат команданын жаңы капитаны.
Кыз-келиндер футболунун ардагери, Бишкектин «Азалия» клубунун курамында КМШнын 1992-жылкы чемпиону Гүлбара Уматалиева команданын алмаштыргыс машыктыруучусу. Быйыл ал машыктырган курамага жөнөкөй эмес топ туш келип калды. Кыргызстандык кыздардын атаандаштары Гонконг, Вьетнам жана Бахрейндин курама командалары болушат. Бул командалардын бардыгы тең ФИФАнын кыз-келиндер футболу боюнча рейтингинде Кыргызстандан жогору турушат.
Кыз-келиндердин футболу боюнча Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндөгү С тобунун оюндарынын тартиби:
(Бишкек убактысы боюнча)
- 22-май, 21:00. Вьетнам — Бахрейн
- 22-май, 23:00. Гонконг — Кыргызстан
- 24-май, 21:00. Бахрейн — Гонконг
- 24-май, 23:00. Кыргызстан — Вьетнам
- 26-май, 21:00. Гонконг — Вьетнам
- 26-май, 23:00. Кыргызстан — Бахрейн
Жаш курагы
Кыргызстандын курамасы өтө жаш — эң улуу оюнчусу болгону 26 жашта. Негизги өзөгүн болжол менен 17-22 жаш курактагы кыздар түзүшөт.
Командада эрезеге жете элек оюнчулар дагы бар, алсак экинчи дарбазачы Ангелина Гайер 16га чыга элек.
Команданын орточо курагынын мындай жаш болгондугу Кыргызстандын футболчу кыздарынын көбүнүн карьерасынын кыскалыгына байланыштуу — эреже катары, спортчулар болжол менен 25 жашында ойнобой калышат.
Көпчүлүк учурларда буга акча табуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу себеп болот.
Кыз-келиндер футбол клубдарынын арасынан Канттын «Абдыш-Атасынын» гана оюнчулары айлык маяна алышат. Ал 100 АКШ долларынын айланасындагы сумманы түзөт жана спортчулардын татыктуу жашоосун камсыз кылып бере албайт.
Кыздар эгер жаш болуп, ата-энесинин колунда болсо гана чет өлкөлөрдөгү машыгууларга, оюндарга бара алышат.
Карьерасын эрте аяктоо боюнча кабыл алынган чечимдерди команда жакшы эле кабыл алат — машыгуунун жүрүшүндө мен окуусун аяктаган соң салык кызматында иштөөнү пландап жаткан футболчу кыздардын биринин келечеги жөнүндө талкуу жүргүзүп жаткандыктарын уктум.
Футболдон мындай эрте кетүү кадимки көрүнүштөй эле жөн гана талкуулап жатышат.
Ошентсе да кураманын 26 жаштагы ардагер оюнчусу Светлана Покачалова бүгүнкү күндө команда жакшы формада экендигине ишенет.
«Курамдын жарымы — жаш оюнчулар, бирок алар келечектүү оюнчулар. Команда жакшы — тажрыйбалуу жана улуурактар менен жаштардын кошулмасы болот», — деп эсептейт ал.
Футболдон эрте кетүүнүн дагы бирден-бир себеби — бул балалуулук. Кыргызстандын курама командасы балдары төрөлгөндөн кийин бир нече негизги оюнчуларынан кол жууган.
Бирок командада бүгүнкү күндө балдарын үйгө калтырып, Бахрейндеги оюнга катышуу чечимин кабыл алган үч балалуу оюнчу бар.
Эң кичинекей бала — Наргиза Аляеваныкы. Ал жакында эле бирге чыкты жана апасы аны биринчи жолу мындай узак мөөнөткө таштап кетти.
Команда капитаны мелдештер аяктаганга чейин өргүүгө чыккан жолдошуна ыраазы.
«Мен баламды биринчи жолу таштап кеттим. Өтө кыйын болууда, ал ар дайым жанымда болчу», — дейт Аляева жылмайып.
«Албетте мен сагынып атам, бирок бул жакка келгениме өкүнбөй элем. Командага жардам бере алаарымды билем. Мынчалык узак тыныгуудан кийин кайра келе албайм деп ойлогом, бирок бардыгы мүмкүн экен», — деп кошумчалады ал.
Маектин эртеси, Бахрейндин Улуттук стадионунда болгон алгачкы машыгууда Аляева өз ишине гана көңүл коюп, толугу менен футболчунун ролуна өттү.
Негизги жана резервдик курамдардын ортосундагы машыгуу беттешинде ал сол капталдан чыгарылып берилген топту жерге түшүрбөй туруп, болжол менен отуз метрлик алыстыктан дарбазаны көздөй катуу сокку узатты.
Топ дарбаза мамысынан бир нече сантиметр алыстыкта өтүп, Аляева машыктыруучулар менен команда оюнчуларынын кол чабууларына татыды.
Анын чабуулдарды уюштуруп, керек болгон учурларда ага катыша ала турган алдынкы коргоочу ролу оюн маалында курама үчүн амаштыргыс болот
Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы өз тарыхында болгону сегиз гана расмий беттеш өткөргөн, алардын арасында жеңиштери да бар.
Ал беттештердин бардыгы тең 2009-жылы, команда мурунку Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндө ойногондо орун алган.
Ал мелдештин биринчи тандап алуу баскычында кыргызстандык кыздар Палестина курамасын 4:1 эсебинде, ошондой эле Мальдив аралдарынан келген оюнчуларды 2:0 эсебинде утуп алышкан болчу. Анда Кыргызстан башка эки оюнда жеңилгендигине карабастан тандап алуу бөлүгүнүн экинчи айлампасына өткөн.
Бул абал Футбол федерациясы үчүн бир чети сүйүнүчтүү болсо, бир четинен көйгөй жараткан — бул өтө жакшы ийгилик болчу, бирок экинчи жагынан Вьетнамда өтө турган кийинки айлампага даярданып, баруу үчүн акча табуу маселеси жаралган.
Бүгүн башкы машыктыруучу Уматалиева эскерип жаткандай, акча каражатынын жетишсиздигинен улам машыгуулар аба ырайы салкын, анча жакшы шарттары жок Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн.
Качан гана футболчу кыздар тандап алуу оюндарын кабыл алып жаткан Вьетнамга барышканда жеңилишкен — Түштүк-Чыгыш Азиянын тумчуктурган абасына көнбөгөн алар 1:10 эсебинде жеңилүү ызаасын тартышкан.
Андан соң команда 0:2 эсебинде Гонконгго утулуп калып, Азия биринчилигинде ойноо мүмкүнчүлүгүн жоготкон.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын атаандашы болуп кайрадан эле Вьетнам менен Гонконгдун болушу кырдаалды жеңилдетет — бул курамалардан жеңилгени менен оюнчулар тааныш.
Кыздар биринчи беттешинде кез келчү Гонконг курамасына каршы оюнда тең ойной алабыз деп ишенишет.
Топто Вьетнам баарынан кыйын команда болуп калууда — бул өлкөдө футболчуларды атайын спорттук лагерлерде жылдап даярдашат.
«Вьетнамдын командасы бизден эки баскычка жогору турат, бирок биз алар менен жакшы ойногонго аракет кылабыз», — деп убадалады Светлана Покачалова.
Топтун эң табышмактуу командасы буга чейин Азия биринчилигине катышып көрбөгөн Бахрейн командасы болот, бирок алардын ири каржылык салымдары менен өз талаасында ойноосу бир топ артыкчылыктарды берет.
Бүт бардыгынын жетишсиздиги
Кыргыстан курамасынын машыктыруучулары, оюнчулары менен болгон маектерде эң көп айтылган сөз — бул «жетишсиздик».
Каражаттын, оюн практикасынын, чабуулчулардын, ал эмес спорттук форма менен медициналык жабдуулардын жетишсиздиги — бул ар дайым кураманы коштоп жүргөн көйгөйлөр.
Мелдештин алдындагы басма сөз жыйынында Гүлбара Уматалиева өлкөдөгү революцияларга басым жасады.
«Өлкөдөгү оор кырдаалдардын айынан биздин топто баарынан да Кыргызстанга бир аз кыйын болсо керек. 2010-жылдагы революциядан кийин кыз-келиндер футболун биз кайра башынан баштап өнүктүрө баштадык деп айтсак болот», — дейт Уматалиева.
Ал жылдардагы саясый толкундоолор футбол федерациясында да башаламандык жаратып, ал жерде да эки жылга созулган бийлик алмашуу процесстери башталган.
Бул улуттук кураманын беттештерине таасирин тийгизбей койгон эмес — федерация бардык күчүн ички чыр-чатактарга жумшап жаткан мезгилде өлкөнүн эркектер курамасы да беттештерден кур калган – команда оюндардын жоктугунан улам 2013-жылдын башында ФИФАнын рейтингинде 201-орунга чейин төмөн түшкөн.
Жакында эле өткөн АФКнын Чакыруу кубогунун тандап алуу бөлүгүндөгү ийгиликтүү оюнунан кийин гана эркектер курамасы мурунку позициясына кайтып келе алды – жыл соңуна чейин команда бир нече жолдоштук беттештерди өткөрүүгө даярданып жатат, алардын арасында европалык Молдова, Азербайжан жана Белоруссия өлкөлөрүнүн курамалары бар.
Кыз-келиндер футболу болсо ал мезгилдерде толугу менен жоголуп кете жаздаган — Кыргызстан курамасы 2010-жылдан 2012-жылга чейин бир дагы болу беттешке катышкан эмес.
Ошондуктан Уматалиевага курама команданы канча жылдан бери жетектеп келе жаткандыгы тууралуу суроо берилгенде ал ойлонбой туруп «үч жыл болду» деп жооп берет. Андан соң ал оңдоп, чындыгында команданы 2006-жылдан бери башкарып келе жатканын айтты, бирок андан бери кыз-келиндер курамасы эң аз дегенде бир беттеш өткөргөн эки гана календарлык жыл болгон.
Көйгөй кураманын өзүндө эле эмес — футболчулардын мекениндеги оюндук практиканын жетишпегендигинде. Өлкөнүн кыз-келиндер биринчилигинне үч айлампада ойногон алты гана клуб катышат. Демек, клуб бир сезондо 15 гана оюн өткөрөт.
Аны менен катар каражаттын тартыштыгынан улам мелдештерде үйдө жана коноктун талаасында ойноо салты жок — негизинен бардык клубдар бир шаарга топтолушуп, айлампанын бардык оюндарын ошол эле талаада өткөрүшөт.
Бул беттештердин ортосундагы тыныгуулар өтө эле көп экендигин билдирет.
Акыркы бир жарым жылдан бери футбол федерациясынын жетектөөчү курамынын жаңылануусу жана жашаруусу менен кырдаал жакшырып бара жатат. Оюндардын жетишсиздиги улуттук кураманын оюнчулары мыкты оюн көрсөтүп келе жаткан футзал боюнча мелдештер менен толукталууда.
Акыры, акыркы төрт жылдан бери курама команда чогултулуп, эң маанилүү континенталдык мелдешке жөнөтүлдү.
Команданын оюнчуларынын арасында кыз-келиндер футболуна мамлекет каражат жумшашы керек деген пикир басымдуулук кылат. Алардын бул пикирине кураманын 20 жаштагы коргоочусу Вероника Бернацкаянын спорттун бул түрүнө коммерциялык каражаттарды тартууну максат кылган позициясы бир топ карама-каршы келет.
Бернацкая оюндан сырткары 14 жашка чейинки футболчу кыздарды үйрөтүү менен алектенет. Ал жаш футболчу кыздарга өзүнүн бала чагында жетпеген колдоосун, жардамын берүүнү каалайт.
«Учурда мен каражатка ээ адамдар менен таанышып атам. Алар менен байланыш түзүүгө аракет кылып жатат», — дейт ал олуттуу футбол функционеринин үнү менен.
Бернацкаянын бир тууган агалары өлкөнү 90-жылдары каптаган экономикалык эмиграциянын агымы менен Кыргызстанды таштап кетишкен. Футболчу кыздын деле кетип калуугу мүмкүнчүлүктөрү болгон, бирок анын ал мүмкүнчүлүктөр менен пайдалануу оюнда да жок.
«Менде өлкөбүздүн футболун көтөрсөм деген чоң каалоом бар», — дейт ал.
Автор: Бектур Искендер