«Залкар Банктын» жаңы ээлери банктын өкмөт алдындагы карызынын жарымын гана төлөшөт

fotografiya-25
Россиянын «Инвестициялык Соода Бизнес Холдинг» компаниясы улутташтырылган мурунку «Азия Универсал Банкты» 193 миллион сомго сатып алды. Макулдашууларга ылайык,  банктын Кыргызстан өкмөтүнүн алдындагы 1,5 миллиард сомдук карызы аз-аздан төлөнүп бүткөрүлөт.

Маалымат жыйынында «Инвестициялык Соода Бизнес Холдингдин» директорлор кеңешинин төрагасы Александр Берлин россиялык компания «Залкар Банк» менен бирге анын карыздарынын жарымын да  алгандыгын билдирди.

Берлин алардын компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө канча сумма төлөп бере тургандыгын жуналисттерге так айтып бере алган жок.

«Милдеттенмелердин жарымын аткарууга туура келет болуш керек [...]. Карыздардын жарымын тааныйбыз… Биз өкмөт менен алар бизге таза банк беришет деп макулдашканбыз», — деди ал.

«Инвестициялык Соода Бизнес Холдинг» жакынкы убактарда банктын аталышын өзгөртүп, аны толугу менен ребрендингден өткөрүүнү пландап жатат.

«Биз агрессивдүү стратегияны даярдап жатабыз. Кыргызстанда ири жана эң ири банк болууну каалайбыз», — деди Берлин.

Бирок банктын жаңы ээлери россиялык алп холдингдин кыргыз рыногуна келишин экспансия катары кабыл албоого чакырып жатышат.

«Бул россиялык банк системасынын экспансиясы катары такыр кабыл алынбашы керек», — деди «Инвестициялык Соода Бизнес Холдинг» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Андрей Астахов.

Банктын капиталын эң аз дегенде 600 миллион сомго чейин көбөйтүү пландалып жатат, россиялык инвесторлор ал сумманын азыркы учурга карата көлөмүн айтып бере алышкан жок.

«Чоң кубаныч»

«Залкар Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы  Саид Зулпуев банктын сатылышын «кубанычтуу» деп эсептейт.

«…Эгер биз банкты 10-майга карата сатпаганыбызда Улуттук банк банкты консервация кылуу процедурасын баштоого милдеттүү болуп калмак, ал өз кезегинде экономикага таасирин тийгизмек», — деди ал.

Маалымат жыйынына катышкан Кыргызстандын Экономика министри Темир Сариев анын мекемеси россиялык банктын кыргыз рыногуна келишин көптөн бери күтүп жүргөндүгүн билдирди.

Экономика министри «Инвестициялык Соода Бизнес Холдинг» Кыргызстанга башка россиялык компанияларды тартат деп үмүттөнүүдө.

«Кыргызстан саясый жактан да, экономикалык жактан да алганда утат деп эсептейм. Бул жерде түрдүүчө интерпретация кылышы мүмкүн болгон кандайдыр бир учурларды издөөнүн да кереги жок», — деп билдирди Сариев.

«Залкар Банктын» сатылышы

«Инвестициялык Соода Бизнес Холдинги» «Залкар Банктын» акцияларынын 90 пайызын апрелдин аягында 4 миллион АКШ долларына сатып алган. Калган 10 пайыз акция Кыргызстандын өкмөтүндө калган.

Банктын директорлор кеңешинин төрагасы Саид Зулпуев банкты сатуу аракеттери 2010-жылдан бери көрүлүп келе жатканын, бирок 20 миллондук баа «чыныгы инвестордун табылышы үчүн мүмкүн болбогондугун» айтты.

«Залкар Банкты» Максим Бакиевдин жакындары тарабынан алынып турган акчалар менен байланыштиырып жатышат.

Алсак, Россиянын берген 280 миллион доллар насыясынын 100 миллиону гана «Камбарата- 2нин» курулушуна жумшалган, калган бөлүгү коммерциялык банктарга бөлүштүрүлгөн, аларын арасында «АУБ» дагы бар болгон.

Бакиев кызматтан кеткенден кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт алты банкты — “АзияУниверсалБанк”, “КыргызКредитБанк”, “Манас Банк”, “Аманбанк”, “Ысыск-Көл банк” жана “ДосКредоБанктарды” — мурунку президенттин уулунун көзөмөлүндө болгондугун билдирген.

Жаңы бийлик «Азия Универсал Банкты» 2010-жылдагы революциядан кийин, Кыргызстандан чыгып кеткен Бакиевдердин үй-бүлөсү банк аркылуу «республикадан каражат алып чыгып кетет» деп чочулап улутташтырган.

«Инвестициялык Соода Бизнес Холдинг» компаниясы бир нече россиялык банктарга, агроөндүрүш компанияларга, комбинаттарга, көңүл ачуучу, спорттук клубдарга жана мейманканаларга ээлик кылат.

Анын уставдык капиталынын көлөмү 54 миллион АКШ долларды түзөт.

Автор: Зарема Султанбекова