Желим бөтөлкөлөрдөн жеңил бут кийимдер

2-таштанды ташталуучу жай

Ошто жергиликтүү бийликтер таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу жөнүндө чет элдик каржы институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгерде кайра иштетүүчү завод курулса, экологияга гана эмес, капчыкка да пайда келмек дешет эксперттер. Анткен менен, бу күндө таштандыга чыгарылган желим бөтөлкөлөрдөн жайкы бут кийим чыгарып, киреше таап жаткан чакан ишканалар да бар.  

Жаныш Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында жайкы бут кийим чыгарчу  кичи ишканада жумушчу болуп эмгектенет. Айтымында, ишкана чийки өнүмдү сырттан алып келбейт. Кадимки эле таштандылардан чогулган желим бөтөлкөлөр эритилип, жайкы илип алма бут кийимдер чыгарылат.

“Желим бөтөлкөлөрдү Ош-Ноокат жолундагы таштанды топтолчу жайдан лөлүлөр жыйнап, ишканага алып келишет. Биз аны станокко салып майдалап кыркып эритебиз да катырып, андан слансы чыгарабыз. Биз чыгарган желим бут кийимдерди Кара-Суу базарына жана  Кыргызстандын башка аймактарына алып кетишет”-дейт Жаныш.

Желим бөтөлкөлөрдөн жасалган бут кийимдер
Желим бөтөлкөлөрдөн жасалган бут кийимдер

Мындан сырткары Кара-Суу районунун Нариман айыл округунда каучук, желим буюмдардын калдыктарынан куур, түтүктөрдү чыгарган ишканалар да бар. Кичи ишканалардын ээлери – өңчөй кытай жарандары. (Аларды кепке тартып, кеңири маалымат алууга мүмкүн болгон жок).

 

Таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууга ЕБРР кызыкдар

Ош шаарынан  күнүнө 580 тоннадай  таштанды чыгарылып, Ноокат жолунун 7-чакырымына алып барып төгүлөт. Ал жерде бульдозер менен сүрдүрүлүп, бекем ныкталат.

Ош мэриясына караштуу “Ош-Тазалык” атайын  адистештирилген муниципалдык ишкананын жетекчиси Шайлообек Атазов таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу планы бар экенин белгиледи.

“Европа кайра калыптоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) консультанттары  бир жылдан бери анализ жүргүзүп, бүгүнкү күндө  таштанды төгүлчү жайды башка жакка жылдыруу боюнча иш-планына киргизип, техникалык-экономикалык баалоо жүргүзүп жатат. Облустун райондорунан чыгарылган чыгындыларды кошуп таштандыны кайра иштетүүчү завод курууну пландап жатышат. Долбоор күз айларында башталары мерчемделген”,- деди Ш.Атазов.

“Ош-Тазалык” жетекчиси маалымдагандай, таштанды төгүлчү жай аныкталып, курулуштун архитектуралык чиймелери чийилип бүткөн. Таштандыны кайра иштетүүчү завод Ош шаарынын Он-Адыр кичи районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн аймагына курулмакчы.

3-бөтөлкө
Желим бөтөлкөлөрдөн куралган дөбөлөр

Мындай заводду Бишкек шаарына куруу үчүн ЕБРР 22 млн евро бөлмөй болгон. Кийинки жылы ошондой эле заводду Ош шаарына куруу пландалган. Бирок, азырынча каржы маселеси ачык эмес.

 

“Азыр бул жаатта конкреттүү иш алып барып жатканы - Европа кайра калыптоо жана өнүктүрүү банкы. Андан сырткары Кытай, Түркия, Казакстан менен сүйлөшүлөр болуп жатат. Жергиликтүү казынадан жылына бөлүнчү 5 млн сом шаардан таштандыларды чыгарууга гана жумшалат”,- дейт Шайлообек Атазов.

“Ош-Тазалык”атайын адистештирилген  муниципалдык ишканасынын диспетчери Кыял Адишов он жылдан бери таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу үчүн даниялык адистер да кызыкдар болуп, алар да анализ кылып жатышканын кошумчалады.

 

Кирешелүү тармак

Ош шаарындагы талдоочу Руслан Ташанов таштандыларды кайра иштетүү кирешелүү тармак экендигин, бирок, аны ишке ашырууга ири каржылоо талап кыларын айтат.

“Таштандыны  кайра иштетүү бул искусство жана кирешелүү бизнес. Бизде азырынча каржы жетишпейт, бул абдан көп каражатты талап кылат. Ошондуктан инвесторлорду тартуу керек. Таштандыны бөлүп иштетүүдө тамак-аш калдыктарынан жер семирткич, макулатурадан - даарат кагазын чыгарууга болот. Ал эми темир жана техникалык буюмдарды кайра эле жаңыласа болот. Пластика жана желим бөтөлкөлөрдөн пластмасса идиш- аяк,  тиричиликке керек буюмдарды, түтүктөрдү чыгарууга мүмкүн”,- дейт талдоочу.

4-таштанды
Таштандыларды лөлүлөр иргеп, нан табат

Интернет булактарында маалымдагандай, Казакстандын Астана шаарынан күнүнө 700 тоннадай таштанды чыгат экен. Ал жердеги завод жылына 200-250 миң тонна таштандыны кайра иштетип чыгат. Мында 300 жумушчу эмгектенет.

 

Автор: Нургазы Батыров