Биринчи май райондук соту криминал авторит Камчы Көлбаевдин ишинин материалдары менен таанышып бүтүп, тараптардын жарыш сөзүн 31-майга белгиледи. Жарыш сөздөр аяктаган соң сот жообуна тартылып жаткан Көлбаевге карата өкүм чыгарылат.Соттун бүгүнкү отурумунда судья Абдуразак Боромбаев иштин 18 томдон турган материалдары менен таанышып бүттү.
Боромбаев Көлбаевдин көрсөтмө берүүсүн өтүндү, бирок криминал авторитети баш тартты.
«Менде айтаарга сөз жок, жактоочума ишенем», — деп билдирди ал.
Судьядан жактоочу Сергей Манукян Көлбаевдин тергөө маалында берген көрсөтмөсүн окуп берүүсүн өтүндү.
Сурактын протоколунда жазылгандай, авторитет анда күнөөсүн мойнуна албай тургандыгын гана айткан.
Отурумга жабырлануучулардын бири ишкер Медер Кожахметов келди — ал болжолдуу тергөөнүн жүрүшүндө тергөөчүлөр тараптан кысым болгондуктан Көлбаевге каршы көрсөтмө бергенин билдирди.
«Артымда ыкчам топтун кызматкерлери отурушкан, алар кайсыл жакка айдашым керектигин жана эмне деп жооп беришим керектигин айтып турушкан», — деди Кожахметов.
Ал дагы бир жолу Көлбаевге карата эч кандай дооматы жок экенин белгиледи.
Өткөнкү отурумдарда бир катар күбөлөр буга чейин берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүшкөн — алардын бардыгы тең тергөө басым жасап, кысым көрсөткөндүгү үчүн гана авторитетке каршы көрсөтмө бергендиктерин айтышкан.
Ики иштер министрлигин анда бул айыптоолорду четке каккан.
Алты жабырлануучунун үчөө мыйзамдагы ууруга карата эч кандай дооматтары жоктугун билдиришкен, калган үч жабырлануучунун көрсөтмөлөрү болсо маалымат каражаттары үчүн белгисиз бойдон калды.
Сот процессинин башталышында жактоочу Сергей Манукян Көлбаевге карата «криминал авторитети» деген түшүнүктүн колдонулушуна каршы экенин журналисттерге билдирди. Айтымында, андай түшүнүк Кылмыш кодексинде жок.
Көлбаев
Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштап, кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле 2 «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.
2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.
2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.
2010-жылдагы революциядан кийин Көлбаев кайрадан кармалган, бирок Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.
Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.
АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.
Автор: Зарема Султанбекова