Азия биринчилиги, тандап алуу: Кыргызстан 1-2 Гонконг

2014-womenscup_hkn-kgz_0022

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азиянын 2014-жылкы биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндөгү алгачкы оюнунда гонконгдук атаандаштарына 1:2 эсебинде жеңилип калды.

Гонконгдун курамасынын футболчулары беттештин башталышында эле биринин артынан бири уланган чабуулдарын баштады, бирок Кыргызстандын күчтүү коргонуусу оюндун 42-мүнөтүндө ката кетиргенге чейин бекем карманып топ өткөргөн жок.

Аруке Таалайбек кызы өз айып аянтчасынан алыс эмес жерден жакшы жөндөй албай калган топту Гонконгдун чабуулчусу Вай Ки Ченг илип алып, дарбазачы Наталья Гайворонская менен бетме-бет чыгып, Кыргызстандык кызга эч кандай мүмкүнчүлүк бербестен оң бурчка сокку узатты.

Кыргызстан курамасынын оюнунда чабуулчунун жетишпестиги өтө байкалып турду — номиналдуу түрдө оюн талаасында бир гана Рамина Цой деген чабуулчу болду, аны да гонконгдук коргоочулар тарабынан дайыма жабылып турду.

Гүлбара Уматалиеванын командасы атаандаштарынын дарбазасынын жанындагы анча көп эмес кооптуу учурлардан максималдуу пайда ала алды.

Стандарттык абалдардан бир нече жолку ийгиликсиз соккуларынан кийин Тынкова оюндун 60-мүнөтүндө болжол менен 25 метрлик алыстыктан дарбазанын жогорку бурчуна таамай тепти.

Бирок беттештин тең салмактуулугу көпкө созулган жок — 86-мүнөттө Ирина Дорофеева гонконгдук атаандашына каршы оюн эрежесин бузду.

Гайворонская айып белгисинен тебилген соккуну тосуп койду, бирок топ кайра артка секирип кеткенде Вай Ки Ченг келип беттештин аяктаарына үч мүнөт калганда кыргыз дарбазасына экинчи тобун киргизип, командасына жеңиш алып келди.

С тобунун башка оюнунда Вьетнам курамасы топтун ээси болгон Бахрейн командасын 8:0 эсебинде утуп алды.

Бул биринчи айлампадан кийин Кыргызстан киргизген жана кое берген топтордун айырмасы боюнча өз тобунда үчүнчү орунда келе жатат дегенди билдирет.

Азиянын 2014-жылкы биринчилигине төрт тандап алуу топтун ар биринин жеңүүчүлөрү гана өтөт, Кыргызстандын Гонконгго жеңилиши анын андан ары кетүү мүмкүнчүлүктөрүн бир кыйла кыйындатып койду.

Кийинки оюн 24-мартта — фаворит болуп эсептелген Вьетнам курамасына каршы болот.

Автор: Бектур Искендер