Жогорку сот мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду беш жылга катаал режимдеги абакка камоо өкүмүн чыгарды. Чиновниктин жактоочусу соттун чечими боюнча БУУнун адам укуктары боюнча комитетине даттанууну көздөп жатат.
23-майда жогорку инстанциядагы сот Сабировду италиялык компанияга Кыргызстандан бала асырап алуу боюнча лицензия берүүдө «пара талап кылууга» күнөөлүү деп тапты, деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.
Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов Kloop.kgге берген маегинде ал Жогорку соттун чечими боюнча БУУнун адам укуктары боюнча комитетине даттанууну көздөп жаткандыгын билдирди.
«Биз кайрадан ачылган жагдайлар боюнча соттун чечимине даттанууга уруксат бере турган фактыларды издейбиз жана бул багытта иштөөгө аракет кылабыз», — деди Айткулов.
Сабировдун мурунку жардамчысы Тахир Мирзаметов да коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга кесилди.
Айыпталып жаткан эки чиновник тең күнөөлөрүн мойундарына алышкан жок.
Өткөн жылдын ноябрынын аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту Сабировду актап, анын мурунку жардамчысын алты жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.
Бирок, марттын башында Бишкек шаардык соту сот жообуна тартылып жаткан экөөн тең күнөөлүү деп таап, Сабировду беш жылга, Мирзометовду — алты жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.
Башкы прокуратура Сабировго каршы кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, анын жардамчысы Тахир Мирзахметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон — анда ал параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын билдирген.
Атайын кызматтагылар Сабировду өткөн жылдын 5-июлунда кармашкан. Чиновник дарегина айтылган айыптоолорду четке кагып жаткан.
«Мен айыптоолордун бир дагы пункту менен макул эмесмин, күнөөм жок. Эч кимден пара талап кылган эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот жыйындарынын биринен кийин.
Автор: Шахида Дүйшеева