Саламаттыкты сактоо министрлиги: Учак кулап түшкөн дарыядагы сууну ичүүгө болот

kc-135_crash_108601

3-майда америкалык майкуйгуч учак кулап түшкөн дарыядан алынган суу калктын саламаттыгына коркунуч туудурбайт, деп билдирип жатат салматтыкты сактоо министрлиги. Жергиликтүү жашоочулар болсо тескерисинче, уулануулар болуп жаткандыгын айтышты.

Американын учагы кулап түшкөн Аспара дарыясындагы суу эч кандай күмөн саноолорду жаратпайт, — бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Экспертиза департаментинин дарыгери Нина Васнева билдирди.

«Негизи эле калк үчүн ал жыт жагымсыз. Ал суу саламаттыкка зыян алып келе деген кооптонууларды жаратпайт, анткени бардык көрсөткүчтөр боюнча жакшы суу болгон», — деди Васнева.

Дарыгердин айтымында, адамдар суу керосин жыттанып калгандыктан улам гана даттанып жатышат.

«Адамдар керосин же дагы башка мунай продуктулары жыттанган сууну эч качан ичишпейт», — деди Васнева.

Ал суу дагы бир жолу экспертизадан өткөрүлөөрүн кошумчалады.

Бирок жергиликтүү жашоочулар Аспара дарыясындагы сууну ичкенден кийин уулануулар болгондугун айтып жатышат.

«Бизде айылдыктардын бардыгы суу алып турган булак бар болчу, ал Аспара суусуна куют. Адамдар учактын сыныктары ал жерге да түшкөндүгүн билишпей, андагы сууну бир нече күн ичишкен. Эми суудан жаш балдар да, чоңдор да ооруп жатышат», — деп ишендирүүгө аракет кылды учак түшкөн жерге жакын жайгашкан Чолок-Арык айылынын жашоочусу Замира Өмүралиева.

Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Айдарбек Алыбаев Аспарадагы «ууланган» суунун айынан алардын жер-жемиштери өспөй калгандыгын билдирди.

«Шабдаалы, алча, өрүк — бардыгы өлдү, эми өспөйт. Эми сууну башка жактан ташып келип, малды башка жерге багууга туура келип жатат», — деди ал.
Панфилов районунун борбордук-аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Салима Молдакулова Kloop.kgге берген маегинде аларга жергиликтүү тургундар уулануу боюнча кайрылбагандыктарын айтты.

«Бүгүнкү күнгө карата эч ким кайрылган жок, анткени эгер кимдир бирөө ууланган болсо жергиликтүү ооруканадан шашылыш билдирүү келип түшмөк», — дейт Молдакулова.

Ал адамдар жөн гана бардык көйгөйлөрүн учактын кулашы менен байланыштырып жатышат деп эсептейт.

«Албетте кооптонуулар болот. Уйлардын сүтү азайып калгандыгы боюнча даттануулар болгон. Кимдир бирөөнүн ую ооруп баштаган. Эми адамдар бардыгын буга байланыштыра беришет», —деп эсептейт башкы дарыгер.

Майкуйгуч учактын кулап түшүшү

Американын аскер-аба күчтөрүнүн KC-135 майкуйгуч учагы 3-май күнү, Ооганстандагы согуштук операциялар үчүн пайдаланып жаткан «Манас» аэропортундагы Жүк ташуу борборунан учуп чыккандан көп өтпөй Кыргызстандын түндүгүндө жерге кулап түшкөн. Жыйынтыгында, эки учкучтан жана бир техник кызматкерден турган экипаждын бардык мүчөлөрү тең каза болушкан.

Учак асманда эле жарылып, анын сыныктары ири аянтка чачырап кеткен, бул өз кезегинде экипаж мүчөлөрүнүн денелерин издөө иштерин бир кыйла оорлоткон — аларды кырсыктын кийинки күнү гана таба алышкан.

Автор: Нуржамал Жаныбекова