Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда иш алып барган чет элдик фармацевтикалык компаниялардын 39 пайызын «адепсиз маркетинг» жүргүзгөн деп айыптады — мекеменин маалыматы боюнча, ал уюмдар Бишкек жана Чүй облусунун дарыгерлерин бейтаптарга дары жазып бергендиктери үчүн сыйлап келишкен.
Саламаттыкты сактоо министрлиги ал компаниялардын аталыштарын айтпай эле — мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Светлана Байтикова бул жолкусунда фирмаларга эскертүү берилгендигин Kloop.kgге билдирди.
Бирок эмки текшерүүнүн жүрүшүндө компаниялар дары-дармектердин жазылып берилгендиги үчүн дарыгерлерге акча берип сыйлагандыгын уланта беришсе алардын аталыштары элге жарыяланат, деди Байтикова.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек жана Чүй облусунун ооруканаларын текшерип, андагы дарыгерлер бейтаптарга жазып берген дарылардын баасынын10-26 пайызын, тиричилик техникасын, компьютерлерди, фотоаппараттарды, ашкана оокаттарын, «Народный» дүкөндөрүнүн дисконттук карталарын, күйүүчү майга болгон талондорду, мобилдик байланыш үчүн бирдиктерди жана Ысык-Көлдөгү «тандалма пансионаттарга» жолдомо алып келгендиктерин аныктады.
Кайсы медициналык мекемелерде мыйзам бузуулар болгондугу да айтылган жок.
Саламаттыкты сактоо министрлиги оорукананын 94 кызматкеринен белгиленбеген үлгүдөгү 412 бланк, ошондой эле сыйлык алуу үчүн дары-дармектерди жазып берген бейтаптардын тизмелери түшүрүлгөн таблицалар алынгандыгын билдирди.
Дарыгерлерге эскертүү берилип, кээ бирлери бир айлык кошумча акыларынан кур калышкан.
Министрлик фармацевтикалык компанияларга лицензияларынан ажыроолору мүмкүндүгүн эскертти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндөгү» техникалык регламент дарыгерлердин бейтаптарга дары жазып берүүсү үчүн кызыктыруунун бардык формаларына тыюу сала тургандыгын баса берлгилөөдө.
Автор: Зарема Султанбекова