«Президентке сигнал бер» акциясынын катышуучулары айып төлөбөй тургандыктарын билдиришти

fotografiya-271

23-майда Биринчи май райондук соту «Президентке сигнал бер» акциясынын үч уюштуруучусун «майда бейбаштыкка» күнөөлүү деп таап, аларды 400 сомдук айып төлөөгө милдеттендирген. Активисттер болсо өз күнөөлөрүн мойундарына алышпай, чечим боюнча шаардык сотко даттанууну көздөп жатышат.

«Бейбаштыкка» активист Камила Мурзаева, Каржы министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Азамат Акелеев жана Борбор азиялык Эркин рынок институтунун директору Мирсулжан Намазалиевдер айыпталышкан.

Мурзаева Kloop.kgге айып төлөбөгөндүктөрүн билдирди.

«Биз Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгартыш үчүн шаардык сотко апелляция беребиз», — деди ал.

Активист тактап айтып бергендей, соттун токтомунда айыпты алар кайсы күнгө чейин төлөшү керектиги көрсөтүлгөн эмес.

Ал буга чейин акция тууралуу алдын-ала милицияга эскерткендиктерин, ошондуктан өзүн күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын билдирген.

Соттун чечими акция өткөрүлгөн Ак үйдөн алыс эмес жашаган шаар тургундарынын арыздарынын негизинде чыгарылган.

«Президентке сигнал бер» акциясынын катышуучулары ызы-чуунун деңгээли текшерилбегендиги жана күнөөлөрү далилденбегендигин айтып жатышат.

22-майда Бишкектин айдоочулары президент Алмазбек Атамбаев кол коюшу керек болгон оң рулдуу унаалар менен адам ташууга тыюу салган мыйзам долбооруна каршы нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Алар Ак үйдүн алдынан өтүп бара жатышып сигнал бере башташкан. Акциянын кээ бир катышуучулары милиция тарабынан токтолуп, эч себепсиз эле айдоочулук күбөлүктөрүнөн ажырашкан.

Акция өткөн күндүн эртеси алар «маектешүү» үчүн милицияга чакырылган, укук коргоо органдарынын айтымдарында, жергиликтүү тургундар акция катышуучуларынын катуу сигнал бергендиктерине нааразы болушкан.

Андан соң укук коргоо органдары административдик укук бузуу протоколун түзүп, аларды сотко жөнөтүшкөн.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттө солдон оңго: Камила Мурзаева, Мирсулжан Намазалиев, Азамат Акелеев.