Жалал-Абад облусундагы учак кырсыгынан эки адам каза болду

AN-2

24-май күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунда айыл-чарба учагы кулап түштү. Учактын ичинде үч адам болгон — алардын экөөсү каза болуп, үчүнчүсүнүн денеси азырынча табыла элек.

Чегирткеге каршы талааны химиялык заттар менен тазалап жаткан Ан-2 учагы болжол менен эртең мененки саат 10дордо Жылкоо айылына кулап түшкөн, — бул тууралуу Kloop.kgге ӨКМдин ыкчам башкармалыгынын башчысынын орун басары Болот Шаршеналиев билдирди.

Учактын кулагандыгын транспорт прокуратурасы да ырастады.

Ал болжол менен учактын ичинде үч киши болгондугун жана алардын экөөсүнүн денеси табылгандыгын айтты.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, учакта үч адам болгон. Азыр эки учкучтун күйгөн денелери табылды, үчүнчүсүн издөө иштери улантылып жатат», — деди ал.

Шаршеналиев кошумчалагандай, болжолдуу түрдө учактын кулап түшүшүнө анын жогорку вольттуу электр зымдарына тийип кетиши себеп болгон.

«24.kg» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, учак «Валор Эйр» ЖЧКсына таандык болгон. Азырынча Kloop.kgнин жуналисттери ал компаниянын жетекчилиги менен байланыша алышкан жок.

Бул Кыргызстандын аймагында акыркы айдын ичинде биринчи кулап түшкөн учак эмес. 3-майда өлкөнүн түндүгүндө АКШнын майкуйгуч КС-135 учагы кырсыкка учураган.

Ал кырсыктын жыйынтыгында, эки учкучтан жана бир техник кызматкерден турган экипаждын бардык мүчөлөрү каза болушкан.

Учак асманда эле жарылып, анын сыныктары ири аянтка чачырап кеткен, бул өз кезегинде экипаж мүчөлөрүнүн денелерин издөө иштерин бир кыйла оорлоткон — аларды кырсыктын кийинки күнү гана табууга мүмкүн болгон.

Автор: Шерзод Бабакулов

Сүрөт  «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды