Кыргызстанда Кытайдын куш тумоосу катталган райондорунан алынып келинген 100 тонна эт алынды

dsc00693

Мыйзамсыз жүгү бар жүк унаалары Чүй облусунун Аламүдүн районунда кармалды — алар жакында эле куш тумоосу катталган Кытайдын Хэнань жана Цзянсу провинцияларынан 100 тонна тооктун жана өрдөктүн эттерин алып келе жатышткан.

Ички иштер министрлиги канаттуулардын эти жүктөлгөн төрт жүк унаасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Биримдик» ЖЧКсынын кампасынан табылгандыгын билдирди.

ИИМ жүк коштоп жүрүүчү жана уруксат берүүчү документтердин бурмалангандыгы боюнча фактыны алардын мекемесинин Мыйзамсыз кирешелерге каршы күрөшүү башкармалыгы аныктагандыгын айтып жатат.

«Бажы органдары менен ветеринардык кызматтын кызмат адамдарынын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып жатат», — деп жазылган ИИМдин сайтында.

Башкы прокуратура «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Өз кезегинде, Мамлекеттик бажы кызматы тыюу салынган этти алардын мекемесинин укук коргоо иштери боюнча башкармалыгы токтоткондугун билдирип жатат.

«Расмий документтерде канаттуулардын эттерин алып келүүгө тыюу салынган КЭРдин башка провинциялары көрсөтүлгөн», — деп жазылган Бажы кызматынын сайтында.

Бажы кызматы бул окуяга ветеринардык кызматты айыптап жатат.

«КРнын ветеринардык кызматынын Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрмө пунктунда иштеген кызмат адамдары вирустук оорунун жугуу коркунучуна карабастан жүктү тиешелүү деңгээлде текшербей, ал продукциянын кирүүсүнө расмий уруксат беришкен», — деп жазылган мекеменин сайтында.

Kloop.kg ветеринардык кызмат жана «Биримдик» ЖЧКсы менен байланыша алган жок.

Жүк унаалар кармалды,пломба салынып бекитилип, сактоого алынды. Айдоочулар айдоочулук күбөлүктөрүнөн ажырашты.

Кытайдан куш тумоосу

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде өкмөттүн алдындагы Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясы куш тумоосунун жугуу коркунучунан улам Шанхайдан, Пекинден, ошондой эле Цзянсу жана Хэнань провинцияларынан канаттуу эттеринин алынып келинишине тыюу салган.

Буга чейин, 16-майда, ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Самат Алиев кыргызстандыктар куш тумоосу боюнча тынчсызданбай деле койсо болоорун билдирген.

«Биздин бардык аракеттерибиз калктын ден соолугун коргоого багытталган. Азыркы тапта биз тараптан Кытайдан келип жаткан унаалардын бардыгын зыянсыздандыруу боюнча маселелер макулдашылып, иш-чаралар иштелип чыгууда. Жакынкы убактарда өткөрмө пункттарга зыянсыздандыруу аппараттары орнотулат», — деп жазган «К-Ньюс» маалымат агенттиги Алиевдин айткандарын.

Анын айтымында, азырынча Кыргызстанда куш тумоосу менен ооругандар каттала элек.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт Мамлекеттик бажы кызматынын сайтынан алынды