Чек ара: “Токто! Курал колдонулат!”

DSC_0510

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу үч район менен чектешип, узундугу 202 чакырымды түзөт. Бул тилкеде 12 такталбаган аймак бар. Жалпы узундугу 64 чакырым. Өткөн  жылы эле бул аймактарда чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак болгон. Жакындан тарта такталбаган аймактарда маалымат тактайчалар орнотулуп баштайт.

Чек арага жакын жерде жашаган тургундар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтуудан кооптонушат. Себеби, аларды ТВдан көрүп, таанып калышса, чек арадан өтүүдө кыйынчылык жаралат дешет.

Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Торук айылына Өзбекстандан көчүп келген тургун чек аралаш аймактарда суу маселеси курч экендигигин айтат.

Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу үч район менен чектешип, узундугу 202 чакырымга барабар. Бул тилкеде 12 такталбаган аймак бар
Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу үч район менен чектешип, узундугу 202 чакырымга барабар. Бул тилкеде 12 такталбаган аймак бар

“Сууну 3-4 чакырым алыстыктан ташып ичебиз. Мал жандыктарыбызга да суу жок. Анысы аз келгенсип, каналдын ары жагы Өзбекстанга караштуу аймак. Малдарыбыз өтүп кетпесин деп кооптонуп турабыз”,- дейт Жеңиш Маматов.

Чек аралардан мал жандыктарынын оттоп өтүп кетиши чыр-чатакка себеп болорун Ала-Бука чек ара отрядынын командири Замирбек Надыров да ырастайт.

“Кээде мал чек арадан өтүп кетиптир деп, жарандар бейде тынчсызданган учурлары болот. Анан мал башка жактан табылып калат. Кээде мал чын эле чек арадан өтүп кетип, аны издегени чыккандар чек ара талаптарын бузуп, көйгөй жаратал. Жергиликтүү  элден уюшулган ыктыярдуу топтор  менен чек ара кызматы биргеликте издөө иштерин жүгүзүшөт”,- дейт З.Надыров.

Чыр-чатактарды алдын алуу үчүн өзбек чек арачылары менен кызматташууну жакшытуу керектигин белгилейт ал.

Жалал-Абаддын Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу үч район менен чектешип, узундугу 202 чакырымга барабар.

Ала-Букадагы такталбаган аймактын ичинен эң кооптуусу - чек ара Көк-Таш тилкеси
Ала-Букадагы такталбаган аймактын ичинен эң кооптуусу - чек ара Көк-Таш тилкеси

Бул тилкеде 12 такталбаган аймак бар. Жалпы узундугу 64 чакырым. Өткөн  жылы эле бул аймактарда чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак болгон.

Жакынкы күндөрдөн баштап ошол такталбалбаган аймактарда чек арага эскертүү тактайлар орнотула баштайт.

Тактайчаларда “Көңүл бургула! Мамлекеттик чек ара 50 метрден кийин!”, “Токто! Курал колдонулат!” деп жазылган.

Бул жазуулар Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун каржылоосу менен жасалган.

Түштүк аймагы боюнча чек ара башкарма башчысынын орун басары Атырбек Темирбеков чек ара маселерин тактоо иретинде өкмөттөр аралык демаркация комиссиясы иштеп жатканын белгиледи.

санжар сурот
Бул жазуулар Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун каржылоосу менен жасалган
“Маселе мамлекеттик деңгээлде чечилсе,  ошонун  негизинде такталган жерлерге зым тартуу  иштерин алып барабыз.  Ала-Букадагы такталбаган аймактын ичинен эң кооптуусу Көк-Таш тилкеси эсептелет. Бул жерде чыр-чатак чыккан. Мында чек аралар такталгандан кийин гана иш-аракетерди жүргүзөбүз”,- деди А.Темирбеков.

Аксы районун акими Алтынбек Кутманов эң башкысы чек ара аймактарына жакын жашаган элге түшүндүрүү иштери жеткиликтүү болушун белгилейт:

“Чек араны мыйзамсыз басып өтүп кетүү фактылары эки өлкөнүн тең жарандары тарабынан катталып жатат. Жакындан тарта чек аралаш аймактарда тийиштүү белгилер коюлуп баштады. Биз да жер-жерлерде эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”,- деди район акими А.Кутманов.

Анын пикиринче, чек ара аймагы чоң болгондуктан, кыргыз чек ара кызматынын өздүк курамынын физикалык даярдыгын дагы күчтөндүрүү керек.

Атайын өткөн жыйында чек ара аймагындагы талаштуу маселени чечүү жолдору талкууланды
Атайын өткөн жыйында чек ара аймагындагы талаштуу маселени чечүү жолдору талкууланды

Ала-Бука чек ара отрядынын командири Замирбек Надыров  жергиликтүү тургундар менен бийлик өкүлдөрүнүн, чек ара кызматтарынын иштешүү механизимдерин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи:

“Биздин жыйындарга акимдер, айыл өкмөт башчылары да катышат. Аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте элге түшүндүрүү иштерин алып барышат”,- деди чек ара отрядынын командири.

Жаңы-Торук тургундары Кыргызстан-Өзбекстандагы туугандарына катташууда да кыйынчылыктар болорун айтышат. Бул айылдын тургундарынын өңчөйү Кыргызстанга Өзбекстандан көчүп келишкен.

Өзүнүн коопсуздугунан чоочулап, атын атабоону суранган Жаңы-Торук айылынын жашоочусу али кыргыз паспорту жок болгондуктан көптөн бери туугандарына бара албай жүрөрүн айтат:

“Биз Өзбекстандан көчүп келгенбиз. Менин өзбек  күбөлүгүм, убактылуу “кайрылман” деген кыргыз күбөлүгүм да бар. Бирок, кыргыз паспортун ала элекмин. Ошондуктан, ал  жакта калган туугандарыма бара албай жүрөм. Документтерими батыраак колго алып, мыйзамдуу түрдө чек арадан өтүп, туугандарыма барып келсем дейм”,-  дейт ал.

Маалым болгондой, быйыл жаңжал чыгарчу эки жагдай болуп, эки тараптуу сүйлөшүү негизинде жеринде басылган.

Автор: Гүлзада Тешебаева