ВИЧке чалдыккан балдардын жөлөк пулу керектөөсүнө жетеби?

P1150647

Статистика боюнча Кыргызстанда 4,5 минден ашуун ВИЧ инфекцияланган жарандар катталган. Бейрасмий маалыматтар боюнча мындан алда канча көп экендиги айтылат. ВИЧке кабылгандардын арасында жаш балдар да бар.

Эне-бала арманы

Айнура ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 8 жаштагы Нургазынын апасы (аттары өзгөртүлдү). Көзүнө жаш алып сөзүн баштады.

“Жалгыз гана уулум бар. Ал да врачтардын шаалакылыгынан улам  оор илдетке чалдыкты. Ооруканада балама ВИЧ жукту. Жолдошум менен ажырашып кеткенбиз. Азыр балам экөөбүз батирде жашайбыз. Айына батирге 1,5 миң сом төлөйм, андан сырткары свет, мусор, суу, баарына 2,5 миң сомдой кетет.

ВИЧ илдетине чалдыккандарга ай сайын 3 миң сомдон мамлекет тарабынан жөлөк пул берилип турат. Бирок  бул акча оорулуу баланын бир жумалык керектөөсүнө да жетпей тургандыгын айтат энеси.

Айтымында, атайын өкмөттөн дары-дармек да берилет. Калгандарын ата-энелер өздөрү сатып алышат.

“Мамлекет тарабынан ай сайын бир айга жете турган дары берилет. Башка антибиотиктерди, витаминдерди өзүм сатып алам. Бир эле пиковит витамини 250 сом турат. Кээде аптекалардан карыз да болуп калам. Балам бир күндө 3 маал дары ичет. Ичкен дарыларына жараша күчтүү, калориялуу тамак жеш керек экен”,- деди Айнура.

“Больницага  жатканда да акча төлөйсүн. Былтыр  баламы травматологияга жаткызганмын. Башка оорулардай эле  дары-дармегине, массажына, ремонтуна да акча  төлөдүм. Жок эле дегенде ушуларга акча албаса болмок”- дейт ал.

Айнура баласын атайын санаторийде ден соолугун чыңдоону ниеттенген. Жолдомонун акысын өзү төлөйүн деп  СПИД  борборго  кайрылган. Ал жактан ”силерге окшогондор толуп атат, шарт жок, демөөрчүлөр да жок” деп жооп беришиптир.

Нургазынын абалы күндөн күнгө оорлоп баратат дейт апасы
Нургазынын абалы күндөн күнгө оорлоп баратат дейт апасы

ВИЧ  илдетине  чалдыгып, оору менен күрөшүп келе жаткан Нургазыны сөзгө тарттык.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Мен чоңойсом врач болом. Ооруган адамдарга жардам берем. Авария болгондорго жардам берем.

- Досторуң барбы, алар менен ойнойсуңбу?

- Ооба бар. Алар мени кошпойт да. Алардын велеосипеди бар, а менде жок,-деди Нургазы.

ВИЧке чалдыккандар Ош облусунда миңге чукулдайт

Өткөн аптада Ош шаарында отузунчу жолу СПИДтен курман болгондорду эскерүү  акциясы болду. Куран окулуп, шам жагылды.

“Акциянын максаты - коомчулуктун көңүлүн буруу,-  дейт Оштогу СПИД борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова. Акцияны ВИЧ илдетине кабылган адамдардын ассосациясынын түштүк филиалы уюштурган.

“Кыргызстанда 4,5 миңден ашык ВИЧ  илдетине чалдыккандар бар. Мунун ичинде жаш балдар да бар. Расмий маалымат боюнча Ош облусунда 930, ал эми Ош шаарында 837 жаран ВИЧ менен катталган. ВИЧ жуккан балдарга  шаардык мэрия, бейөкмөт уюмдар жардам көрсөтөт. Сациалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөргө  ай сайын мотивациялык пакетер (тамак-аштар)  берилет. Илдетке чалдыккан балдарга ай сайын 3 миң сомдон мамлекет жөлөк пул берет. Диспансердик каттоого алынган жарандар 3 айда келип текшерилип кетишет иммунитети  жогоруладыбы, төмөндөдүбү билүү максатында. Вирус бар жарандар мамлекет тарабынан акысыз дарыланууга укугу бар. Үй-бүлөлүк медицина тобуна барып, өзүнүн статусун айткан  болсо, акысыз дары-дармек алса болот”,- деди Э.Нарматова.

Башкы дарыгер айткандай,  ВИЧ илдетинин  көбөйүп кетүүсүнө баңгизат колдонуучулар да себеп. ВИЧ жуктургандардын 60%ын баңгизаттарды  ийне аркылуу колдонуучулар түзөт.

ВИЧ-СПИДден курман болгондор эскерилди
ВИЧ-СПИДден курман болгондор эскерилди

Ошондой эле сыртта иштеп келгендердин арасында да ВИЧ жуктургандар кездешет.

“Жумушсуздуктун айынан көпчүлүк  жарандар ВИЧ илдети  көп катталган өлкөлөргө кетип жатышат. Мисалы: Россияга, Казакстанга, –дейт Э.Нарматова. - Ал жакка баргандан кийин маалыматтын аздыгынанбы, билбестиктенби ВИЧ жуктуруп алган учурлар бар. Жумушка аларда текшерүүдөн өткөзүп, ВИЧ  чыгып калып, депортация кылган учурлар да болгон.  Мигранттардын көпчүгү келгенден кийин текшерүүдөн  өтпөй  айылга кетип калышат, анан жубайларына да жуктурушат”,- деди Ош облустук СПИД борборунун башкы дарыгери.

ВИЧ макамын ачуу-ачпоо талкууланат

Оштогу  “Рейнбоу” коомдук уюму ВИЧ  илдетине  чалдыккан балдар менен  2007-жылдан бери иштеп келет. Уюм ачылгандан бери 50 үй-бүлөгө толук жардам бергендигин  белгиледи уюм жетекчиси Максат Усенов.

“Аларга материалдык  гана эмес, моралдык жактан да жардам берилет. Ата-энерлерге семинарлар өткөрүлөт. Атайын компьютерлер бар. Балдарга бири-бирине кат жазууну, интернет колдонууну  үйрөтөбүз. Гуманитардык жардамдар да берилет.

Менин жеке көз карашым боюнча  жугузуп койду деп эле отура бербестен мындан ары эмне кылуу керектигин ойлонушубуз керек. Май айынын аягында  жаңы долбоордун негизинде Ноокат жана Кара-Суу райондоруна барып, ВИЧ статусун ачуу боюнча семинар өткөзүүнү пландаштырып жатабыз. Себеби, балдар мектепке барып калган. Укук бузуулар болбошу  үчүн статусун ачуу боюча ата-энелерге  үйрөтөбүз. ВИЧ инфекцияланган балдарды бала бакчасына же мектепке албай  койсо, же ооруканада бөлүп коюшса, укуктук жактан жардам беребиз “– деди “Рейнбоу” уюмунун жетекчиси Максат Усенов.

Автор: Ырысгүл Жуманазар кызы