Азия биринчилиги, тандап алуу: Кыргызстан 1-4 Бахрейн

2014-womenscup_kgz-bhr_0049

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азиянын 2014-жылкы биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндө топтогу үчүнчү орун үчүн бахрейндик атаандаштарына каршы ойноп, утулуп кылды. Команда тандап алуу оюндарын бир дагы упайы жок жыйынтыктады.

Бахрейн курамасы оюн башталаары менен эле өзгөчөлөндү — 4-мүнөттө Дина кыргызстандыктардын айып аянтчасындагы мыкты оюнунан кийин Наталья Гайворонскаянын дарбазасына таамай сокку узатты.

Алдастап калган Кыргызстандын курамасы беттештин кийинки мүнөттөрүндө да катачылык кетиришип, 23-мүнөттө Бахрейндиктерге артыкчылыкты эки эсеге арттырууга мүмкүндүк беришти – Рим Альхашми эки коргоочуну оңой эле жазгырып өтүп, топту Гайворонскаянын дарбазасынын он жаккы бурчун көздөй жөнөттү.

34-мүнөттө Гүлбара Уматалиеванын тарбиялануучулары айла таап, эсепти 1:2ге жеткиришти — Ирина Дорофеева өз айып аянтасынан алган топту сол тараптагы Светлана Покачаловага берген соң ал Светлана Тыковага чыгарып берди, өз кезегинде Тыкова дал айып аянчасынын бурчунан таамай кубаттуу сокку узатты.

Бирок кыргызстандыктардын кубанычы көпкө созулган жок — Бахрейн бир мүнөттөн кийин эле, айып белгисинен көтөрүлүп берилген топту кыргызстандыктардын дарбазасына таамай туштаган Динанын голунан кийин эсепти 1:3кө жеткирди.

Экинчи жарым бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө Бахрейн чабуулдарын кайрадан күчөттү, Гайворонская алардын бир тобун мыкты тосуп өзгөчөлөнө алды. Бирок 51-мүнөттө бурчтан чыгарылып берилген топту сүзгөн Динанын соккусуна каршы Кыргызстандын дарбазачысы эч нерсе кыла алган жок. Эсеп Бахрейндин пайдасына 1:4.

Андан кийинки мүнөттөрдө чарчап калган бахрейндиктерге караганда кыргызстандыктар талаада аймактык артыкчылыкка ээ болушту, бирок бир дагы мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышкан жок, топ дарбаза мамысынан бир нече сантиметр алыстыкта өтүп кетип жатты.

Жыйынтыгында команда Азия биринчилигинин тандап алуу бөлүгүндөгү компаниясын бир дагы жеңиши жок аяктады – кыргызстандык кыздар буга чейин Гонконгго 1:2 жана Вьетнамга 0:12 эсебинде утулуп калган.

С тобунан Азия биринчилигине топтогу атаандаштарынын бардыгын ири эсеп менен жеңген Вьетнам командасы чыкты.

Континент биринчилиги 2014-жылы Өзбекстанда өтөт.

Автор: Бектур Искендер