Мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров Жогорку соттун өкүмүнө каршылыгын билдирип ачкачылык жарыялады — чиновник 23-майда үй-мүлкүн конфискациялоо менен биротоло беш жылга эркинен ажыратылган. Бул Сабировдун соттун чечимдерине каршылыгын билдирип экинчи жолу ачкачылык жарыялашы.
Сабировдун анын ар-намысын коргоо боюнча комитети тарабынан таркатылган кайрылуусунда Жогорку соттун чечими «мыйзамга каршы келген чечим» экендиги жазылган.
«Сот системасынын жогорку бутагы “кимдир бирөөнүн буйругун” аткарып, калп менен ыпластыктан жийиркенбей туруп чечим чыгарып койду! Мен эң алгачкы күндөрдөн тартып эле бул атайын жасалган нерсе экенин кайталоодон чарчадым», — деп жазылган мурунку министрдин кайрылуусунда.
Сабиров белгисиз мөөнөткө чейинки ачкачылыгын 27-майда жарыялады.
Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов Жогорку соттун чыгарган өкүмүн «кыжыр келтирген сот адилетсиздиги» деп атады.
«Нормалардын, процедуралардын бардыгы тең бузулган, Мирзаметовдун [Тахир Мирзаметов, Сабировдун жардамчысынын] көрсөтмөсүнөн башка эч кандай далил жок», — деди Айткулов Kloop.kgге берген маегинде.
Буга чейин жактоочусу кайрадан ачылган жагдайлар боюнча соттун чечимине даттанууга уруксат бере турган фактыларды издей тургандыктарын билдирген.
Мирзаметов да коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга кесилген. Ал дагы сот өкүмү менен макул болбой эле.
Өткөн жылдын ноябрынын аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту Сабировду актап, ал эми анын мурунку жардамчысын алты жылга эркинен ажыраткан.
Бирок марттын башында Бишкек шаардык соту сот жообуна тартылып жаткан эки чиновникти тең «пара талап кылууга» күнөөлүү деп таап, Сабировду беш жылга, Мирзаметовду алты жылга эрктеринен ажыраткан.
Мындан соң Сабиров шаардык соттун өкүмүн мыйзамсыз деп эсептеп, ачкачылык жарыялаган. Ал жактоочусу Жогорку сотко апелляция жөнөткөндөн кийин гана тамак ичип баштаган.
Башкы прокуратура Сабировго каршы кылмыш ишин өткөн жылдын июль айында, анын мурунку жардамчысы Мирзаметовдун параны жетекчим үчүн талап кылгам деген көрсөтмөсүнө таянып козгогон.
Атайын кызматтагылар Сабировду өткөн жылдын 5-июлунда кармашкан. Чиновник андан бери дарегине айтылган айыптардын бардыгын тең четке кагып келген.
Автор: Зарема Султанбекова