УКМК: «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компания 53 млн сомдук салык төлөгөн эмес

bmp

«Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы компаниялардын бири 2011чи жана 2012-жылдар үчүн 53 миллион сомдук салык төлөбөгөндүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аныктап чыкты. Экономикалык аймактагылар көйгөйдү мойундарына алышып, аны чечүүнүн үстүндө иш алып барып жаткандыктарын айтышууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы курулуш материалдарын өндүргөн «ДЭЭР» ЖЧКсы өндүрүмүнүн жарымын салык төлөбөй туруп саткандыгын аныктады.

Компания бул ишти жасалма документтердин негизинде ишке ашырган.

УКМК «ДЭЭР» ЖЧКсы тарабынан мамлекетке келтирилген чыгымды 53 миллион сомго баалады.

Атайын кызматтагылар «салыктарды төлөөдөн жана чарбакер субьекттердин кызматтык адамдарынын милдеттүү камсыздоо төлөмдөрүн төлөөдөн баш тыртышы» деген кылмыштын белгилери боюнча кылмыш ишин козгошту.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Орозбек Нусувалиев Kloop.kgге берген маегинде экономикалык аймактын субьектилерине негизсиз жеңилдиктерди берүү боюнча кылмыш иштери 2012-жылдын сентябрында эле козголгондугун айтып берди.

«Анын чындыгында эле ушундай болгондугун же болбогондугу [«ДЭЭР» ЖЧКсы салык төлөгөн-төлөбөгөндүгү] боюнча комментарий бере албайм», — деди Нусувалиев.

Анын берген маалыматтары боюнча, аталган эркин экономикалык аймактагы компаниялар беш жылдын ичинде мамлекетке 645 миллион сом зыян келтирген.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында 80 ашык компания иштейт, ошондой эле 22 өлкөдөн келген инвесторлор иш алып барышат.

Автор: Зарема Султанбекова