Ош: Мектептеги бөлмөлөрдүн жетишсиздигинен улам окуучулар 9-класстан кийин кетүүгө мажбур

fotografiya-7

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы аттуу айылда жайгашкан кыргыз тилдүү мектепте 460 тажик окуучу окуйт. Бөлмөлөр жетишпегендиктен алар орто мектепте 11-класска чейин окуй алышпайт.

Жаңы айылында бир гана — Мирза Турсунзода атындагы номур 105-мектеп бар. Анда анча чоң эмес 20 тар класс бар жана дээрлик 500 окуучу үч сменде билим алышат. Буга карабастан бөлмөлөрдүн жетишсиздигинен балдарга мектепти 9-класс менен эле аяктоого туура келет.

«Биз азыр 9-класста окуп атабыз, эмдиги жылы азыркы 8-класстын окуучулары үчүн бул классты бошотуп беришибиз керек. Эгер бизде башка бөлмөлөр бар болгондо окуубузду улантат элек», — дейт тогузунчу класстын окуучусу Сахиба Кадырова.

Ал университеттин журналистика бөлүмүндө билим алууну кыялданат, бирок жогорку окуу жайына 11-классты аяктабай туруп тапшырууга болбойт. Ал эми башка мектепте которулуудан Кадырова коркот. Ал бул коркунучун аны улутуна карап жаңы мектептеги курдаштары кабыл албай коюшу мүмкүндүгү менен түшүндүрүүдө.

Тогузунчу класстын окуучусу алардын мектебиндеги спорт аянтчанын кичинекейлигин жана имараттын ичинде спорттук залдын жок экендигин айтты.

«Биз спорт менен жазында жана жайында эле мектептин короосундагы кичинекей аянтчада алектенебиз. А кышында болсо шахмат жана тогуз коргоол ойнойбуз», — дейт Кадырова.

Балдар акча табуу үчүн иштешет

Жаңы айылындагы балдардын көбү билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан акча табуу үчүн иштешет. Өткөн жылы номур 105-мектептин мугалимдерин көчөдө жүргөн мектеп жашындагы балдарды «кармап» окуу жайга алып келүүгө милдеттендиришкен.

«Мугалимдер окуучуларды махалляларды кыдырып чогултуулары керек болчу, бирок класстардын жетишпегендигинен алар антишпейт», — деп билдирди тогузунчу класстын окуучусу.

Айыл тургуну Мукаддас Хасилова жергиликтүү жашоочулардын бардыгы тең эле балдарына жакшы билим бергиси келээрин, бирок андай мүмкүнчүлүктүн жоктугун айтат.

№105 мектептин спорттук аянты кичинекей жана имаратынын ичинде зал жок, ошондуктан дене тарбия сабагын окуучулар күн жылуу мезгилдерде гана эшикте өткөрүшөт
№105 мектептин спорттук аянты кичинекей жана имаратынын ичинде зал жок, ошондуктан дене тарбия сабагын окуучулар күн жылуу мезгилдерде гана эшикте өткөрүшөт

«Биз деле балдарыбыз, деги эле мында жашагандардын бардыгы эле шаарда сандалып, жашоосу үчүн акча сурап жүрбөшүн каалайбыз. Өсүп келе жаткан муундун бул жердеби же шаардабы иши кылып билим алышын каалайбыз», — дейт Хасилова.

Ал дагы Кадыровадай эле алардын айылындагы балдарды башка мектептердеги классташтары тажик улутуна карап кабыл албай коюуулары мүмкүн деп эсептейт.

«Көпчүлүгү эле окуп, бутуна тургулары келет, бирок бизде, бул жерде шарттар менен мүмкүнчүлүктөр аз. Эгер балдар окууга шаар мектептерине барышса аларды бөлүп салышат, баары бир коомчулук кабыл албайт», — дейт Хасилова.

Мектепти кеңейтүү

Мектеп жетекчиси Ишен Алтын уулунун айтымында, жаңы окуу жылында биринчи класска 240 окуучу келет, ал эми бүтүрүүчүлөрдүн саны 35 эле.

«Жыл өткөн сайын окуучулардын саны көбөйүп бара жатат[...] Бизге стандарттуу мектеп куруп беришин каалайбыз. Ал үчүн мамлекет каражат бөлүп бериши керек. Бөлмөлөрдүн жетишсиздигинен бизге азем залды экиге бөлүүгө туура келди: бир бөлүгү кабинет катары, экинчиси — китепкана катары кызмат кылат», — деп даттанды Алтын уулу.

Жергиликтүү бийлик мектепти кеңейтүү маселесин өз алдынча чечүүгө аракет кылып жатышат. Айыл өкмөт жаңы мектептин курулушу үчүн эки гектар жер бөлүп берген. Бирок курулуш иштерине каражат бериле элек.

Ошол эле маалда Ош облусунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Ибрагим Гапиров Миза Турсунзода атындагы мектепти кеңейтүү үчүн 400 миң сом каралгандыгын билдирди. Анын айтымында, ал каражат мектептин жанына кошумча үч класстын курулушу үчүн жумшалат.

Ал класстар биринчи сентябрга карата ишке берилет. Анда биринчи класстар билим алышат.

«Жаңы стандарттуу мектептин курулушуна 50 миллион сом керектелет, бизде андай акча жок», — деди Гапиров.

Башка сунуштар

Алтын уулу мектеп кошумча класстардын курулушуна бейөкмөт уюмдардан каражат суроого аракет кылгандыгын, бирок андай долбоорду эч ким колдобогондугун билдирди. «Юнисефтин» өкүлдөрү болсо маселенин чечилиши үчүн башка вариант сунушташкан.

«Алар Мирза Турсунзода атындагы мектептин окуучуларын башка мектептерге жеткирип берип турууну сунушташкан. Бирок менимче, бул улуттагы балдар башка жакта окууга макул болбойт болуш керек», — деди Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Кулпунай Камалова.

Тарых сабагынын мугалими жана башталгыч класстардын окутуучусу Төлөн Кадиров эгер мамлекет курулуш материалдарын сатып берсе жаңы мектепти жергиликтүү тургундар өзүлөрү эле куруп ала тургандыктарын айтты.

«Тургундар өзүлөрүнүн күчү менен эмгектенишип, пайдубалын салып дубалдарын көтөрүүгө жардам беришмек. Ошондой эле кээ бир жашоочулар шифер жана башка керектүү курулуш материалдарын да сатып бере алышат», — дейт ал.

Ага чейин Жаңы айылынын жашоочулары үч сменде окуусун улантышып, 9-классты аяктоо мүмкүнчүлүгүнө гана ээ. Мектептин кызматкерлери мамлекеттен жаңы мектептин курулушу тууралуу өтүнүч жолдошуп, бейөкмөт уюмдарга долбоорлорду жазууларын улантып жатышат. Ал эми жериликтүү бийлик кошумча класстардын курулушу үчүн мүмкүн болушунда көбүрөөк каражат бөлүүгө аракеттенип жатса, Кадырова болсо университет жөнүндөгү кыялдануусун улантууда.

Автор: Аида Ахмедова