Укук коргоочулар: ИИМ башчысы педофилдикке шектелип жаткан адамдын атын ачыктап конституцияны бузду

suranchiev-b1

«Медиа полис институту» коомдук фонду ички иштер министри Абдылда Суранчиев педофилдикке шектелип жаткан «Озодлик» радиосунун журналистинин атын ачыктап конституцияны бузгандыгын билдирди. ИИМ бул маалыматты четке кагып жатат.

Укук коргоочулар Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Суранчиев педофилдикке шектелип жаткан «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын [радио “Озодлик”] журналистинин ысымын ачыктап, конституцияны бузду деп айтып жатышат, — бул тууралуу алардын тараткан билдирүүсүндө жазылган.

«Күнөөсү жок болушу мүмкүн болгон адамдын аты-жөнүн ачыкка чыгаруу – ага карата жөнү жок физикалык жана моралдык азап тартуулагандан сырткары – чыныгы кылмышкерди жазасыз калтырып, ал тараптан кылмыштуу аракеттеринин улантылышына алып барышы мүмкүн», — деп жазылган коомдук фонддун билдирүүсүндө.

Укук коргоочулар конституциянын “күнөөсү сот тарабынан аныкталганга чейин ар бир адам күнөөсүз болуп эсептелинет” деп жазылган 26-беренесине таянып жатышат.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде коомдук фонддун айыптоолорун четке какты.

«Эгер ал анын аты-жөнүн айткан болсо журналисттердин бардыгы тең эбак эле жазып чыгышмак. Биздин маалыматтар боюнча, андай болгон эмес. Анын ысымынын ачыкка чыгарылганын алар кайдан уккандыгын билбейм», — деди ал.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисти 26-май күнү Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал үч жылдан бери жашы жете элек өспүрүмдү дайыма «зордуктап келген».

Журналистке карата «сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» жана «жашы жете элек өспүрүмдөр менен жыныстык канташка же башка сексуалдык мүнөздөгү байланыштарга баруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду . Мындай аракеттер үчүн Кылмыш жана жаза кодексинде беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайда камакта.

«Московский комсомолец» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов бул окуя «буйрутма» болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Өзбек атайын кызматынын буйрутмасы менен менттердин жасаганы болушу, же болбосо атайын бир улутка каршы коюуу болушу толук мүмкүн», — деп жазган ал өзүнүн «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Автор: Клара Абдукова