Митинг катышуучулары үч күндөн бери «Кумтөргө» барчу жолду тосуп турушат

kumtor2

«Кумтөр» алтын кенинин жанындагы нааразычылык акциясы уланууда — эки миңдей киши ал кенге бара турган жолду тосуп турушат. Алар «Кумтөрдүн» Кыргызстанга келтирип жаткан «экологиялык зыянына» нааразы болуп жатышат.

«Кумтөрдүн» басма сөз катчысы Сергей Дедюхин Kloop.kgге берген маегинде кенге бара турган жол жабык бойдон калып жатканын айтты.

Ал митингчилердин талаптары өкмөткө гана тиешелүү деп, алардын талаптары боюнча комментарий берген жок.

Дедюхин нааразычылык акциясынын катышуучулары компания өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн баш тарткандыктарын айтты.

«Кумтөрдүн» ээси болгон канадалык «Центерра Голд» компаниясы жолдун тосулушу кызматкерлердин бир кенден экинчисине баруусуна тоскоол кылып жаткандыгын билдирди.

«Бирок учурда нааразычылык акция компаниянын операциялык ишмердүүлүгүнө эч кандай таасирин тийгизбей эле», — деп жазылган «Кумтөрдүн» сайтында.

Компания бирок жол өз убагында ачылбаса «Кумтөрдүн» ишине олуттуу терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн билдирүүдө.

«Экологиялык зыян»

Бүгүн митингдин катышуучулары менен вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жолукту.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев учурда Кумтөр кенине бара турган жолду тосуп турган митингдин катышуучуларынын талаптарын укту. Тараптар ошондой эле бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулашты», — деп жазылган өкмөттүн сайтында.

Митингдин катышуучуларынын бири Нарис Калчаев Kloop.kgге берген маегинде бүгүнкү акцияга эки миңден ашык киши катышканын айтты.

Калчаев анда чогулган эл кендин Кыргызстанга келтирип жаткан «экологиялык зыянына» нааразы болуп жатканын кошумчалады.

Митингдин катышуучулары «Кумтөрдөгү» калдыктарды сактоочу жайдын ишин токтотууну талап кылып жатышат.

Ошондой эле алардын талаптарынын арасында келишимге кенде иштеп жаткан жергиликтүү жашоочулар үчүн социалдык пакеттерди киргизүү талабы да бар.

Өткөн жылдын июнь айында да ысык-көдүк жаштар «Кумтөргө» бара турган жолду тосушкан — анда алар жумушка кабыл алуудагы «коррупцияга» даттанышкан.

«Биринчиден, бул куру сөздөр — биз жумушка кабыл алуудагы коррупция жөнүндөгү маселени көтөрүп чыккан коомчулук өкүлдөрүнө ар дайым айтып келебиз. Бизге кайрылгыла, компания силерге жардам берет деп. Азырынча мындай бир дагы факт каттала элек», — деп билдирген анда «Кумтөрдүн» басма сөз катчысы.

Автор: Зарема Султанбекова