Токомбаев көчөсүндөгү оңдоо иштери 30-августка карата бүткөрүлөт

2013-03-24_novaya-doroga_10776

Бишкек бийлиги «Жаңы жол» деп аталган Аалы Токомбаев атындагы көчөдөгү оңдоо иштери качан аяктай тургандыгын билдирди — Бишкектин түштүгүндөгү негизги көчөлөрдүн бири болгон жолго жаңы асфальт төшөө иштери 30-августка карата аяктайт

Токомбаев көчөсү дарактар жана гүлдөр менен ортосунан бөлүнгөн эки жүрүүгө жарактуу бөлүктөн турат.

Жаңы жолдун Байтик Баатырдан баштап Сухэ Баатырга чейинки бөлүгүн оңдоо жайдын аягына чейин бүткөрүлөт, — бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров билдирди.

«Токомбаев көчөсүнүн эки тараптуу бөлүгүн оңдоо иштери 30-августта аяктайт», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Учурда жолдун бир гана бөлүгү тосулган. Андагы оңдоо иштери жай башталганга чейин аяктайт.

«Мэр биринчи участокту [Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгүн, Байтик Баатырдан Сухэ Баторго чейин] ишке берүүгө конкреттүү мөөнөт белгиледи. Биринчи июнга карата ишти өткөрүп беришет деген рапорт бар», — деп билдирди Kloop.kg Бишкектин басма сөз катчысы Чынара Усупбаева.

Дээрлик 30 жылдан бери оңдолгон эмес

Токомбаев көчөсү — калк жыш жайгашкан кичи райондор менен шаардын борборун байланыштырып турган Бишкектин түштүк тарабындагы негизги жолдордун бири.

Бирок ал өткөн кылымдын 80-жылдарында курулгандыгына карабастан бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Жолду капиталдык оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 25-мартында башталган.

Шаар бийлиги буга чейин жолдун чуңкурларын гана бүтөө менен чектелип келген.

Бирок эреже катары кыштан кийин жер кыртышынын бузулушунан улам дал ошол оңдолгон чуңкурлардын айланасында жаңы, андан тереңирээк жарылуулар пайда болчу.
«Жаңы жолдун» эң көйгөйлүү аймагы катары шаар бийлиги оңдоп баштаган батыш тарабы эсептелинчү.

Эки жылдан бери кийинкиге жылдырылып келген

Капиталдык курулуш башкармалыгы Токомбаев көчөсүн 2011-жылдан бери оңдой тургандыгын айтып, убада берип келген, бирок оңдоо иштери эки жылдан бери кийинкиге жылдырылып келе жаткан.

Жыйынтыгында, 2013-жылдын башталышында жолдун сапаты кризистик абалга жеткен, ал эми «Жаңы жолду» оңдоо маселеси Бишкек шаардык кеңешинин имаратында да, анын сыртында да шаар мэри Иса Өмүркуловду сындагандар тарабынан көтөрүлө баштаган.

Бишкектин активисттери февраль айында «Чуңкурларды белгилеп, позитив жарат» деген аталыштагы флэшмоб-иш-чара уюштурушкан, анын жүрүшүндө Токомбаев көчөсүндөгү чуңкурларды боек менен боеп белгилешкен.

Март айынын башында борбордогу таштандыларды тазалоо боюнча акция өткөргөн активисттердин бири Айбек Баратов Токомбаев көчөсүн «мурда эле оңдош керек болчу» дейт. Ал Бишкек шаарынын мэрин көптөн бери сындап келет.

«Анткени ал өтө начар, үрөй учурган абалда, ал жол аркылуу жүрүүгө мүмкүн эмес», — деп эсептейт Баратов.

Бирок ал жолду оңдоо боюнча тендерлердин «ачык эмес» өткөрүлгөндүгүнө нааразы.

Автор: Анастасия Ласкина