УКМК: Бишкек мэриясы жеке жүргүнчү ташуучулардан акча «талап кылып келген»

68412201

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек мэриясынын алдындагы Мамлекеттик транспорт башкармалыгы жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө акча «талап кылып келгендигин» аныктады. Шаар бийлиги азырынча бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Эсеп палатасынын маалыматына таянып, Шаардык транспорт башкармалыгы мамлекетке 9,9 миллион сом зыян келтиргенин билдирди.

«Бишкек мэриясынын ишмердүүлүгүндө бюджеттик каражатты мыйзамсыз өзүнө алуу жана жүргүнчү ташуу менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча коррупциялык схемалардын бети ачылды», — деп жазылган мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Бул факт боюнча УКМКнын тергөө башкармачылыгы «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу», «кызматтык документтерли оңдоо» жана «салык төлөөдөн качуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде азырынча ал көйгөйдүн чоо-жайын биле электиктерин айтып, комментарий бере албастыгын билдирди.

Эсеп палатасы май айынын ортосунда да Шаардык транспорт башкармалыгын каржылык мыйзам бузууларга айыптаган — анда мамлекетке келтирилген зыян 26 миллион сомго бааланган.

Эсеп палатасынын маалыматтары боюнча, башкармалык жетекчилиги эки жылдан бери муниципалдык каттамдардагы жүргүнчү ташуучу унаалардын айдоочуларынын санын кыскартып келген.

Аны менен катар маршруттук таксилердин айдоочуларынын саны түшкөн салыктардын көлөмү менен берилген патенттердин санына дал келген эмес.

Автор: Зарема Султанбекова