Сот Көлбаевдин өнөктөштөрүн суракка алат

fotografiya1

Биринчи май райондук соту кийинки отурумунда «кылмыш дүйнөсүнүн казыначысы» жана Ысык-Көл боюнча «смотрящий» Адилет Касеновду, ошондой эле криминал авторитети Камчы Көлбаевдин дагы эки өнөктөшүн суракка алуу чечимине келди.

Бүгүн, 31-майда Көлбаевдин иши боюнча тараптардын жарыш сөзү болмок, бирок жактоочу Сергей Манукян соттон кошумча күбөлөрдү суракка алууну өтүндү.

«Биз алардын чакырган жокпуз, анткени алар жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат, а жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар соттун талабы боюнча гана чакырылат», — деди прокурор.

Судья Абдуразак Боромбаев жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды.

Соттун кийинки, 6-июнда боло турган отурумунда Адилет Касенов, Махмутжан Именахунов жана Чынгыз Жумагуловдор суракка алынышат.

Касенов «кылмыш дүйнөсүнүн казыначысы» жана Ысык-Көл боюнча «смотрящий» катары белгилүү.

Биринчи май райондук соту Касеновду үстүбүздөгү жылдын апрелинде катаал режимдеги абакка сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, Именахунов Көлбаевдин кылмыштуу тобунун казынасынын башкаруучусу болуп саналат. Учурда ал дагы жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

«Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү» делинип жаткан Жумагулов азыр эркиндикте.

Алардын бардыгы тең ишкерлер Медер Кожахметов, Бактыбек Бекбоев, Арзыбек Бурканов жана Галина Кимдин каржы талаштарына байланышкан эпизод боюнча сурак беришет.

Ишкерлер алардын талаш-тартыш каржы маселелерин чечип берүү өтүнүчү менен Көлбаевге кайрылышкан.

Өз эрки менен багынып берген

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өткөн алгачкы соттук процесс эмес.

90-жылдардын аягында ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Зарема Султанбекова