Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу аракетин көргөндөр көбөйүп жаткандыгын айтып, коомчулук коӊгуроо кагууда. Кечээ жакында эле Ички иштер министри Абдылда Суранчиев жыл башынан бери Кыргызстанда 46 өспүрүм өз жанын кыйганын Парламент жыйынында маалымдады.
Өмүрдүн наркы
Май айында эле Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жатаканасында жашаган 2 кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Тилекке жараша алар куткарылып, аман калышты. (Бул кыздар менен маектешүүгө мүмкүн болбоду, бирок суицидге барган башка кыздар өз окуялары жөнүндө айтып беришти).
Жигити таштап кеткендигине ыза болуп Айдай (аты өзгөртүлдү) өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
“Сүйгөн жигитим мени менен кошо жашаган кыз менен сүйлөшүп алганын билгенимде, ичимен абдан ызаланып, суицидке барууга аракет кылдым”,- дейт Айдай. Ал Ак-Буура дарыясын кечип барып, агып кетүүнү ойлогон, бирок дааган эмес.
“Кийин көпкө чейин кыйналып жүрдүм. Анткен менен, азыр ошол кылганыма аябай өкүнөм. Качан гана баштан өткөндөн кийин ойлонуп калат экенсин, койчу ушул жигит үчүн өз өмүрүмү кыямбы деп?”,- Айдай мындан кийин антип ачууга алдырбоого өзүнө сөз бергенин баяндады.
Ал эми Кымбаттын (аты өзгөртүлдү) окуясы анын окуусуна байланыштуу. Ал окууга контракт төлөмүн жоготуп алып, өз жанын кыюуга аракеттениптир.
“Мен контракт үчүн деген акчамы урдатып коюп, ата-энеме айтуудан корктум. 15 миң сом акчаны мага атам короодогу малыбызды сатып контракт төлө деп салып жиберген болчу. Эгерде контракт төлөбөсөм, окуудан айдалып, ата-энемин алдына кантип барам? Андан көрө өлүп алууну туура көрдүм“,- дейт Кымбат.
Айтымында, ал бир нече жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштайын дегенде курбу кыздары көрүп куткарып калышыптыр. Кийин уксус ичип ууланып алууга аракет кылганда да достору колунан тартып алып коюшуптур.
Жокко чөкпө, барга көппө
Ош гуманитардык- педагогикалык институтундагы “Психодиагностикалык борбордун” жетекчиси Мавлюда Исакова өз жанын кыюуга аракет кылгандардын бир катар көйгөйлөрүн тизмектейт:
“Суицидке көбүнчө жашоодон түнүлгөндө, о.э. каржы жактан кыйналганда барышат. Алардын жаш курагы 15 жаштан 35 жашка чейинкилер.
15-16 жаштагы өспүрүмдөр өздөрүндөгү психологиялык-физиологиялык өзгөрүлөрдү түшүнбөй ушул жолго барышат”,- дейт психолог.
Адистин айтымында, 2-3 жылдан бери бул борборго кайрылгандардын саны өскөн. Өткөн жылы өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 12 өспүрүм психологдун кеп-кеңешин алуу үчүн кайрылган.
“Суициддин алдын алууга болот . Айрыкча 15-18 жаш курактагы балдарды окуу жай, мектеп, ата-эне көзөмөлдөп жана кабардар болуп турушу керек”,- дейт Исакова.
Үй бүлөдөгү жаӊжалдын курчуп кетиши өспүрүм курактагы баланын аң-сезимине чоң таасир тийгизерин айтат психолог Эмил Сагынбаев. Ошондой эле ата-эне жумушсуздугу да баланын суицидге баруусуна түрткү болорун белгилейт адис:
“Суициддин негизги себептери бул - үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктер жана акча тартыштыгы. Анткен менен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө гана болот деп жаӊылбаш керек. Бардар жашаган үй бүлөлөрдө да болот. Бардык жактан камсыздалып өскөн бала кичине эле кыйынчылык көрсө, өз өмүрүн кыйганга аракет кылган учурлар да болот“,- дейт Эмил Сагынбаев.
Өзүн өлтүргөнгө жаназа окулбайт
Дин өкүлдөрү өз өмүрүнө кол салгандарды катуу айыптайт. Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин мугалими Басиров Рахматулла ажынын айтымында, мындай терс аракеттер анын бала-неберелерине өтүп кетиши ыктымал.
“Асынып өлгөндөр кыяматта тирилгенге чейин өзүн өзү асып, бир канча жолу жан бери өлүп, жан алып жүрө берет. Өзүн өлтүргөн адам түбөлүк өкүнүч үстүндө калат . Эң кооптоно турган нерсе - суицидге барган адамдын бала-чакасы да ошондой тагдырга кабылышы ыктымал”,- дейт Рахматулла ажы Басиров.
Дин өкүлү белгилегендей, өзүнүн жанын кыйган адамга жаназа окулбайт. Бирок, анын ата-энеси момун мусулман экенине карап, жаназа окуп коюшарын айтат Рахматулла ажы.
Сандар сүйлөйт
Статистикага кайрылсак, 2011-жылы 109 адам өз өмүрүн кыйган болсо, өткөн жылдын 6 айында эле бул сан 200гө жеткен. Кечээ жакында Ички иштер министри Абдылда Суранчиев ушул жылдын башынан бери эле 46 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын Парламент жыйынында маалымдады.
Автор: Нургазы Батыров
Редактор: Гүлзат Газиева