Тандыр жасоонун түйшүгү жана ырахаты

кошулушу

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тельман айылы тандыр устачылыгы менен жамы журтка белгилүү. Айылда бул өнөрдү аркалаган бир нече киши жылына 1 миңге жакын тандыр жасап, аны соодалап тирилик кылышат. Тандырларды ары жагы Алайга, бери жагы Бишкекке чейин алып кетишет. 

Тандыр ишкерлигин уюштурган Нурлан Жусубалиев ак мээнети менен киреше таап, үй бүлөсүн багып жатканына куштар. Кол алдында шакирттери да бар. Аларга да эмгек акы чыгарып берет.

“Тандырдын жасалуу ыкмасына карай түрлөрү көп: үй тандыр, жер тандыр, келин тандыр, ийме тандыр, навай тандыр, самса сандыр ж.б.”,- дейт Нурлан Жусубалиев. Тандыр наркы 500 сомдон 700 сомго чейин.

Ал эми Нээмат Алимов үчүн тандыр жасоо өнөрү – ата мурасы. Анын 7 ата-бабасынан бери ушул иштин майын чыгарып, муундан муунга өнөр катары өткөрүп келет.

жун таштап жатканы

ийлоо

кабатка болунушу

биринчи кабат

болукчолор

2

кургатып жатканы

учуру

гулун чыгару

устанын буюму

кампадагы

Автор: Нургазы Батыров

Редактор: Гульзат Газиева