Ош: балдар маанайы

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын сейил бактарында бөбөктөргө арналган салтанаттар болду. Шахмат, теннис боюнча спорттук мелдештер өтүп,  жеӊүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Борбордук аянтта балдар өз чыгармачылыгы менен жер бетине сүрөттөрдү тартышты.

Майрамдык мааракеде Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев бөбөктөргө, өспүрүмдөргө бактылуу балалык каалап, куттук сөз сүйлөдү.

Балдардын «Келечек» чыгармачылык борбору балдарга майрамдык ыр-бий тартуулады. Ал эми Ош облустук Куурчак театры «Мээр чөп» аттуу спектакль койду.

DSC_0289

DSC_0283

DSC_0270

DSC_0262

DSC_0254

DSC_0213

DSC_0170

DSC_0163

Сүрөт: Гүлзада Тешебаева