«Кумтөрдүн» иши калыбына келтирилди

kumtor2

 «Кумтөр» алтын кени 30-майдан 1-июнга чейин электр кубатысыз калган мындай жол менен митинг катышуучулары ишкана боюнча келишимдин жокко чыгарылышын талап кылышкан. Компания ишиндеги тыныгуу өндүрүштүн пландалган көлөмүнө таасирин тийгизбейт деп болжолдоп жатат.

«Кумтөрдүн» иши транспорт катнашы калыбына келтирилгендигине, кен ишканасына азык-түлүктүн жана зарыл материалдардын жеткирилишине байланыштуу кайрадан жандандырылды, деп жазылган компаниянын сайтында.

Пресс-релизге ылайык, тоо-кен иштеринин чоң көлөмү токтотулганына карабастан, тоо-кен техникасынын жетишээрлик саны туруксуздук зонасында музду жана бош текти алып салуу боюнча иштерди жүргүзүүнү уланткан.

«Компания бул факт тыкан баалоону талап кылгандыгына карабастан, жүргүзүлүп жаткан иштерди аргасыз кыскартуу өндүрүштүн 2013-жылга пландаштырылган көлөмдөрүнө олуттуу таасир көрсөтпөйт деп болжолдойт», — деп жазылган «Кумтөрдүн» сайтында.

Митинг катышуучулары нааразычылык акцияларынын жүрүшүндө кендеги электр энергиясын эки жолу өчүрүшкөн — алардын негизги талаптарынын бири «Кумтөр» боюнча келишимди жокко чыгаруу болуп саналат.

Ошондой эле алар Ысык-Көл облусунун өнүгүшү үчүн ишкананын кирешесинин бир эмес эки пайызын талап кылып жатышат

«Өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан «Кумтөр» өлкөдөгү бардык көйгөйлөрдү өз эсебинен чече албайт», — деп жооп берген компания митингчилердин талаптарына.

Өткөн күнү мамлекеттик салык кызматы эгер «Кумтөрдөгү» өндүрүш токтотулса өлкө бюджетине 4 миллиард сомдой салык түшпөй кала тургандыгы жөнүндө маалымат тараткан.

«Кумтөр» маселеси боюнча митинг анын катышуучулары менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуулар менен коштолду. Жыйынтыгында, 1-июнда мдициналык жардам сурап 63 киши кайрылган, алардын 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, 45и жарандык адамдар болушкан. Каза болгондор болгон эмес.

Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көлдөгү нааразычылык акциялары аяктады, бирок Жалал-Абадда «Кумтөрдү» улутташтырууну талап кылган оппозициянын митинги уланып жатат.

1-июнда Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочуларынын жолугушуусунан кийин өкмөттүн аппараты аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча алгачкы чаралардын планын иштеп чыгууга милдеттенген.

«Кумтөр» канадалык «Центерра Голд» компаниясына тиешелүү. Өндүрүш башталгандан бери «Кумтөр» Кыргызстандын ички дүң 2,5 пайызынан 11,7 пайызына чейинкисин камсыз кылып келет.

Автор: Зарема Султанбекова