«Кырдаал турукташкандыктан» Жети-Өгүз районундагы өзгөчө абал алынды

68410771

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы өзгөчө абалды алып салдыал жактагы митинг анын катышуучулары менен милиция кызматкерлеринин кагылышына алып келген. Коменданттык сааттын токтотулушу аймактагы абалдын турукташкандыгы менен түшүндүрүлүүдө.

Жети-Өгүз районунда өзгөчө абал 31-май күнү саат 10:00дө он күнгө жарыяланган, бирок президент Атамбаев ал чечимин 3-июнда саат 12:00до жокко чыгарды.

«Аймакта пайда болгон маселелердин өзгөчө абал режими жокто эле чечилишине шарт түзүлдү», — деп түшүндүрүп жатат президенттин басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Жети-Өгүз районундагы абал «туруктуу» деп бааланып, жарандардын өмүрү менен ден соолугуна коркунучтун болуу мүмкүнчүлүгү кыйла төмөндөгөн.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов Kloop.kgге берген маегинде өзгөчө абал жарыялангандан бери Жети-Өгүз районунда коменданттык сааттын бир гана жолу бузулушу катталгандыгын билдирди.

«Жалпысынан бир гана кылмыш катталды. Коменданттык саатты бузду делинип бир дагы адам кармалган жок», — деди ал.

Кыргызстанда митингдер дээрлик бир аптадан бери уланууда.

Жети-Өгүз районундагы нааразычылык акциясы майдын акыркы күндөрү башталып, эки миңдей киши «Кумтөр» алтын кенин бара турган жалгыз унаа жолун тосушуп, аны электр кубатысыз калтырышкан.

Митинг анын катышуучулары менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышууга алып келген. Жыйынтыгында, 1-июнда мдициналык жардам сурап 63 киши кайрылган, алардын 18и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, 45и жарандык адамдар болушкан. Каза болгондор болгон эмес.

Ысык-Көл облусундагы абал митинг катышуучулары менен Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жолугуп, облустун экономикалык-социалдык өнүгүүсү боюнча айтылган талаптарды аткаруу убадасын бергенден кийин турукташкан.

Бирок Жалал-Абадда толкундоолор уланып жатат, анда нааразы болгондор Бишкек-Ош унаа жолун экинчи күн тосуп турушат.

Алар «Кумтөрдүн» улутташтырылышын, алардын кармалган лидери Медер Үсөналиевди жана оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын өткөн жылдын апрелинен бери УКМКнын тергөө абагында камакта жатышкан лидерлеринин бошотулушун талап кылып жатышат.

Автор: Зарема Султанбекова