Ташиев митинг катышуучуларына тилектештигин билдирип ачкачылык жарыялады

2012-04-10_kloop_politics_meeting_tashiev_jalal-abad-1
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жаткан оппозиция лидери Камчыбек Ташиев 1-июнда ачкачылык жарыялаган — мындай жол менен ал Жети-Өгүз районундагы жана Жалал-Абад облусундагы митинг катышуучулары менен тилектеш экендигин билдирүүдө.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов ал жактоого алган саясатчы үч күндөн бери эле тамак ичүүдөн баш тартып жаткандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Ал 1-июнда эле ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык кургакпы жокпу азыр айта албайм», — деди жактоочу.

Айткулов Ташиев канча убакытка чейин тамак ичүүдөн баш тартууну көздөп жатканын билбестигин кошумчалады.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн УКМКнын басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Бул «Ата-Журт» партиясынын лидеринин УКМКнын тергөө абагында жатканда жарыялаган алгачкы ачкачылык жарыялоосу эмес.

Өткөн жылдын октябрь жана ноябрь айларында Ташиев тергөө абагынан бошотулушун талап кылып кургак ачкачылык жарыялаган болчу.

Ал тамак жана суу ичүүдөн үч күн баш тарткандан кийин ооруканага жаткырылган, бирок анда анын талаптары аткарылган эмес.

Үч «ата-журтчу» — Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдор өткөн жылдын 3-октябрында парламент имаратынын жанында митинг уюштурушкандан кийин кармалышкан — бийликтегилердин версиясы боюнча, алар «Кумтөр» алтын кенинин улутташтырылышын талап кылуу менен бийликти басып алуу аракетин көрүшкөн.

29-мартта Биринчи май райондук соту Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, а Мамытовду бир жылга эрктеринен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Алардын үчөө тең Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында жарым жыл камакта болгондугун эске алуу менен алардын ал жакта өткөргөн ар бир күнү эки күн деп эсептелет.

Бул Ташиев менен Жапаров дагы жарым жылдан кийин, ал эми Мамытов өкүм боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылуу үчүн бериле турган он күндөн кийин эркиндикке чыгышы мүмкүн болчу дегенди билдирет.

Бирок парламентарийлердин жактоочулары сот өкүмү менен макул болушпай, ал боюнча жогорку инстанциядагы сотко апелляциялык дат арыз менен кайрылышкан. Эми ишти Бишкек шаардык соту карап жатат.

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусундагы митингдер майдын акыркы күндөрү башталган — нааразы болгондор кендин улутташтырылышын талап кылышып, ишкананы электр жарыгысыз калтырышкан.

Жети-Өгүз районундагы митинг аяктаган, бирок Кыргызстандын түштүгүндө нааразычылык акциялары уланууда — эки күндөн бери 200дөн ашык ашык киши Бишкек-Ош унаа жолун тосуп турушат.

Автор: Зарема Султанбекова