Жалал-Абаддагы митингчилер Бишкек-Ош унаа жолун тосушту

20130601_090411

Митингге катышып жаткан оппозиция өкүлдөрү УКМКнын Жалал-Абаддагы бөлүмүн басып алуу аракеттери ийгиликсиз болгон соң өлкөнүн негизги унаа жолун тосуп алышты. Алар лидери Медер Үсөновдун кармалышына нааразы, ошондой эле «Кумтөр» алтын кенинин улутташтырылышын жана оппозициялык депутаттардын эркиндикке чыгарылышын талап кылып жатышат.

Жалал-Абад аркылуу өтө турган Бишкек-Ош унаа жолун тосууга 300дөй киши катышып жатат.

Алардын талаптары — «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу жана оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын камалган депутаттарын эркиндикке чыгаруу.

Кечээ бул талаптарга митингчилердин лидери Медер Үсөновду эркиндикке чыгаруу талабы да кошулду – ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 2-июнь күнү эртең менен кармалган.

Буга чейин жалал-абаддык митингчилер УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнүн имаратын басып алууга аракет кылышкан, бирок алардын чабуулу бир нече бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытуу менен эле чектелди.

Бир нече мүнөткө созулган чабуулдан кийин митингчилер артка чегинишип, 31-май күндүн кечинен бери кармап турушкан облустук администрациянын имаратына кайтып келишти.

Жалал-Абаддагы нааразычылык акциясы Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы биргеликте ээлик кылган «Кумтөр» кени жайгашкан Ысык-Көлдөгү нааразычылыктардан улам башталган.

Ысык-Көлдөгү митинг катышуучулары бир нече күн бою бийик тоолуу жерде жайгашкан кенге барчу жалгыз жолду тосушуп, аны камалап турушкан.

30-май күнү кечинде алар «Кумтөргө» электр энергиясын берип турган көмөкчордонду басып алышып, заводду электр кубатысыз калтырышкан.

Алар «Кумтөрдүн» улутташтырылышын, ошондой эле алтын өндүрүүчү ишкананын кирешесинен Ысык-Көл облусунун өнүгүшү үчүн көбүрөөк каражаттын бөлүнүшүн талап кылып жатышкан.

Ысык-Көл облусуна премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барып, өкмөт андагы чогулгандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин аймактагы митинг токтоду жана заводдун иши кайрадан жандандырылды.

Сатыбалдиев жакынкы арада «Кумтөрдүн» башкаруу түзүмүн өзгөртүү маселесин карап, Ысык-Көл облусуна 120 миллион долларлык инвестиция алынып келээрин айтып, убада берди.

Бирок бул Ысык-Көлдөгү кырдаал турукташкандан кийин бир аз күчтөнө түшкөн Жалал-Абаддагы митингди токтоткон жок.

Авторлор: Бектур Искендер, Евгений Погребняк жана Шахида Дүйшеева