УКМК Жалал-Абаддагы митингдин лидерин «кайрадан кармап кетти»

Image-1

Атайын кызматтагылар Жалал-Абаддагы митингдин уюштуруучусу Медер Үсөновду бошоткондон көп өтпөй эле аны кайрадан кармап кетиштибул тууралуу анын жактоочусу билдирүүдө. Анын бошотулушун талап кылып Бишкек-Ош унаа жолун тоскон митинг катышуучулары жолду лидери менен жолугушкандан кийин гана ача тургандыктарын айтып жатышат.

Үсөновдун жактоочусу Искендер Журабаев Kloop.kgнин кабарчысына атайын кызматтагылардын тергөөчүсү Жалал-Абаддагы митингдин уюштуруучусун бошоткондон көп өтпөй эле УКМКнын башка кызматкерлери аны кайрадан кармап, белгисиз багытты көздөй алып кетип калгандыктарын билдирди.

Жактоочунун пикиринде, мындай жол менен УКМК Үсөновдун камакка алынышынан улам митингге катышып жаткан оппозиция өкүлдөрү үч күндөн бери Бишкек-Ош унаа жолун тосуп турушкан өлкөнүн түштүгүндөгү абалды «кызыктып» жатат.

Үсөнов алгач тергөөчү тарабынан аты аталбаган адамдардын жеке кепилдиги менен бошотулган.

Азырынча УКМК демонстранттардын лидеринин кайрадан кармалгандыгы боюнча комментарий бербей эле.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Үсөновду биринчи жолу – 2-июнь күнү эртең менен – кармагандан кийин акция катышуучулары аны бошотууну талап кылышып, стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышкан.

Үч күндөн бери 200дөй киши анда унааларды өткөрбөй кармап турушкан, анын жыйынтыгында 1,5 миңдей унаа чогулуп калган.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Асан Шакиров Kloop.kgге берген маегинде Үсөнов Бишкек-Ош жолундагы алар турган аймакка келип жолуккандан кийин гана жолду ача тургандыктарын айтты.

4-июнь күнү кечинде акция катышуучулары Үсөновдун бошотулгандыгы белгилүү болгондон кийин жеңил унааларды кое берип башташкан, бирок анын кайрадан кармалгандыгы тууралуу маалымат пайда болгон соң жолду кайрадан тосуп салышты.

Буга чейин Асан Шакиров Үсөнов учурда Бишкектен учакка отуруп жаткандыгын жана алар жол тосуп турган Барпы айылына кечки саат 8дерде келип калаарын билдирген болчу.

Митингдин башка уюштуруучусу Турдумамат Маматов Үсөнов бошотулса митингдин катышуучулары унаа жолун гана ачпастан 31-майдан бери кармап турушкан обладминистрацияны да бошотушаарын убадалады.

Маматов бирок акция катышуучулары алардын берки эки – «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу жана «Ата-Журт» партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду жана Садыр Жапаровду бошотуу талаптары аткарылмайынча митингдерди уланта тургандыктарын айтты.

Атайын кызматтагылар Үсөновду 2-июнь күнү эртең менен кармап кетишкен. Ага карата «бийликти күч колдонуп басып алуу» жана  «эл алдында конституциялык түзүмдү күчтөп өзгөртүүгө чакырык жасоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Күнөөлөрү далилденсе ал 21 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Кумтөргө» байланышкан митинг

Жалал-Абаддагы нааразычылык акциясы Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы биргеликте ээлик кылган «Кумтөр» кени жайгашкан Ысык-Көлдөгү нааразычылыктардан кийин башталган.

Ысык-Көлдөгү митинг катышуучулары бир нече күн бою бийик тоолуу жерде жайгашкан кенге барчу жалгыз жолду тосушуп, аны камалап турушкан.

30-май күнү кечинде алар «Кумтөргө» электр энергиясын берип турган көмөкчордонду басып алышып, заводду электр кубатысыз калтырышкан.

Алар «Кумтөрдүн» улутташтырылышын, ошондой эле алтын өндүрүүчү ишкананын кирешесинен Ысык-Көл облусунун өнүгүшү үчүн көбүрөөк каражаттын бөлүнүшүн талап кылышкан.

Ысык-Көл облусуна премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барып, өкмөт андагы чогулгандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин аймактагы митинг токтоп, заводдун иши кайрадан жандандырылган.

Авторлор: Нурмухаммед Атамбаев жана Евгений Погребняк