Жалал-Абаддагы митингчилер үч күндөн бери Бишкек-Ош унаа жолун тосуп турушат

Desktop

«Ата-Журт» партиясынын 200дөй тарапташы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында стратегиялык Бишкек-Ош унаа жолун үч күндөн бери тосуп турушат. Алар лидери Медер Үсөновдун бошотулушун, «Кумтөрдүн» улутташтырылышын, ошондой эле оппозициялык депутаттардын эркиндикке чыгарылышын талап кылып жатышат.

Жолдун тосулгандыгына байланыштуу Бишкек-Ош канжолундагы унаа тыгынында 1,5 — 2 миңдей унаа токтоп турат, бул тууралуу ИИМдин Жалал-Абад облусундагы кызматкери Таалайбек Сусунбаев билдирди.

Анын айтымында, 3-июндан 4-июнга караган түнү ал жерде абал «тынч болду».

«Түндө тынч болду. Жол жабык болуп, коопсуздукту сактоо үчүн кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иштешти. Эч кандай укук бузуулар катталган жок», — деди Сусунбаев.

Ал учурда Бишкек-Ош унаа жолунда митингдин канча катышуучусу бар экендигин так айта алган жок.

«Так айтыш кыйын, ал жерде 60-70тей киши турат, калганы эс алып жатышат. Анан алар алмашууга келишет, ар биринин кезектери бар», — деп билдирди ИИМ кызматкери.

Сусунбаев жолду качан ача тургандыктарын билбейт. Нааразычылык акциянын лидерлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Алар Медер Үсөновду [митингчилердин кармалган лидерин] бошотууну талап кылып жатышат. Мүмкүн бүгүн жогорку жетекчилик бул көйгөйдү чечсе жол ачылат», — деди ал.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Асан Шакиров Kloop.kgге берген маегинде түндө ал жерде абал «тынч болгондугун» жана эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун ырастады.

Анын маалыматы боюнча, жолдо 200дөй митинг катышуучусу бар, унаа тыгынында болсо дээрлик 2 миң унаа токтоп турат.

Ал Үсөнов бошотулаары менен акция катышуучулары жолду гана ачпастан, 30дай митинг катышуучу бар Жалал-Абад обладминистрациясынын имаратын да таштап кете тургандыктарын билдирди.

Оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын митингге чыккан тарапташтары лидери Медер Үсөновду бошотуу боюнча көргөн бир нече жолку аракеттери ийгиликсиз аяктаган кийин Бишкек-Ош унаа жолун тосушкан.

Атайын кызматтагылар аны облустук администрациянын имаратын «күч колдонуп басып алган» деген айып менен кармашкан – акция катышуучулары имаратты 31-майдан бери кармап турушат.

Жалал-Абаддагы нааразычылык акциясы Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы биргеликте ээлик кылган «Кумтөр» кени жайгашкан Ысык-Көлдөгү нааразычылыктардан кийин башталган.

Ысык-Көлдөгү митинг катышуучулары бир нече күн бою бийик тоолуу жерде жайгашкан кенге барчу жалгыз жолду тосушуп, аны камалап турушкан.

30-май күнү кечинде алар «Кумтөргө» электр энергиясын берип турган көмөкчордонду басып алышып, заводду электр кубатысыз калтырышкан.

Алар «Кумтөрдүн» улутташтырылышын, ошондой эле алтын өндүрүүчү ишкананын кирешесинен Ысык-Көл облусунун өнүгүшү үчүн көбүрөөк каражаттын бөлүнүшүн талап кылып жатышкан.

Ысык-Көл облусуна премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барып, өкмөт андагы чогулгандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин аймактагы митинг токтоп, заводдун иши кайрадан жандандырылган.

Автор: Александра Ли