Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу 12-июнда башталат

Kambarata

Россиянын «РусГидро» компаниясы Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушун 12-июнда баштайт. Алгачкы гидроагрегаттарды 2016-жылы ишке берүү пландалып жатат.

«РусГидронун» сайтында Кыргызстандагы Нарын дарыясынын жогорку каскадындагы ГЭСтердин курулуш иштерин баштоо боюнча иш-чаралар 12-июнга белгиленгендиги жазылган.

Гидроэлектростанциянын акцияларынын жарымы Россиянын Интер РАО ЕЭС энергетикалык компаниясына, башка жарым бөлүгү болсо — Кыргызстандын «Электр станциялар» ААКсына тиешелүү болот.

Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер төрт гидроэлектрстанциясынан турат: Ак-Булуң ГЭСи, Нарын ГЭС-1, Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3. Алардын жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт болуп, электр энергиясын өндүрүү  саатына 942,4 миллион киловатты түзөт.

«Каскад дарыянын суу режимине жана агымдын төмөнкү жагындагы Өзбекстан менен Казакстандын кызыкчылыктарына таасирин тийгизбейт. Суу жайыла турган жерлердин аянты да минималдуу, ошондуктан калкты башка жактарга көчүрүү талап кылынбайт», — деп жазылган «РусГидронун» пресс-релизинде.

Компания Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди 5-6 жылдын ичинде куруп бүткөрүүнү пландап жатат, биринчи гидроагрегаттарды болсо 2016-жылы ишке киргизүүлөрү керек.

Апрелдин соңунда «РусГидро» башкармасынын төрагасы Евгений Дод Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуусунда төрт электростанциянын биринчисин куруу май айында баштала тургандыгын билдирген болчу.

«Биз май айында биринчи бетонду төшөө боюнча курулуш иштерин жана бардык жалданма компанияларды курулуш аянтына чыгууга даярбыз», — деген анда Дод

«РусГидро» долборлоочу компания катары «Ленгидропроектти»  тандап алган.

Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу жана ишке берүү боюнча Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы макулдашууларга өткөн жылдын 20-сентябрында кол коюлган.

Каражат издөө

Азырынча долбоордун так баасы аныктала элек, болжол менен ал  400 миллион доллардын айланасындагы сумманы түзөт.

Нарын дарыясына ГЭСтерди курууга жумшала турган каражатты россиялык Интер РАО ЕЭС энергетикалык компаниясы издеп жатат.

Маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, Россиянын энергетика министри Александр Новак бул үчүн Интер РАО ЕЭС «Иркутскэнерго» ишканасын сатат же болбосо Камбарат-1дин өзүн күрөгө кое тургандыгын билдирген.

Интер РАО кыргыз-орус долбоорунун ишке ашуусу үчүн «Иркутскэнергону» сатуу маселесине бир жактуу карабайт, ошондуктан Камбарата-1 күрөөгө коюлушу мүмкүн деп болжолдоого негиз бар.

«Камбарата-1» ГЭСи менен Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөр алты ай бою жүргүзүлгөн.

Автор: Зарема Султанбекова