Бишкек: Ысык суу 13-июндан баштап берилет

bishkek-at-night_10350

Ысык суу Бишкектин батирлерине пландалган убакта эле берилип баштайт, деп билдирди мэриянын басма сөз катчысы. Буга чейин жылуулук электр борборунда оңдоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик ысык сууну бир айга өчүргөн.

Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жыл сайын ысык суу берүүнү бир айга токтотот. Бул жылуулук электр борборунда оңдоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн зарыл. Бул жылы ысык суунун берилиши 13-майда токтотулган.

Жылуулук электр борборунун басма сөз катчысы Такжана Айдаралиева билдиргендей, Бишкектин үйлөрүнө ысык суу план боюнча эле берилип баштайт.

«Жылуулук электр борбору Бишкек шаарына ысык суу берүүсүн 13-июндан баштап кайрадан жандандырат. Эч кандай мүчүлүштүктөр жок. Бардыгы тең толугу менен штаттык режимде жүрүп жатат», — деди Айдаралиева.

Жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурмал Өмүркул уулу Kloop.kgге берген маегинде эч кандай мүчүлүштүктөр жоктугун жана ысык суу берүү 13-июнда башталарын ырастады.

«Өткөрмө түтүктөр жарылып, арматуралар менен насостор сынышы мүмкүн. Бирок ЖЭБдин 52 жылкы тарыхында бир дагы жолу мүчүлүштүктөр болгон эмес. Быйыл да болушу күтүлбөй эле», —деди ал.

Өмүркул уулу алдын алуу иштерин сөзсүз түрдө жазында жүргүзүү керектигин кошумчалады – кышында жана күзүндө үйлөрдү жылытуу керек болсо жайында санитардык нормалар боюнча мүмкүн эмес.

Айдаралиева ысык суу берүү графиги 10 жылдан бери бузулбагандыгын билдирди. Бирок өткөн жылы Жал кичи районунун 15тей жашоочусу ысык суу өз убагында берилбегендигин айтышып, мэриянын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан.

«Мындай суунун өз убагында берилбегендиги жыл сайын эле болуп жатат, быйыл үчүнчү жыл», — деген анда Жал кичи районундагы үйлөрдүн биринин жашоочусу Ирина Попова Kloop.kgге берген маегинде.

Аларга ысык суу берүү жалпы шаарга берилип баштагандан бир ай өткөн соң калыбына келтирилген. Анда Жылуулук электр борбору жашоочулардын ысык суу үчүн акча төлөй электигине байланыштуу кеч берилгендигин билдирген. Жашоочулар болсо ысык суу үчүн муниципалдык ишканалар гана карыз экенин айтып, далилдөөгө аракет кылышкан.

Өз кезегинде ЖЭБ кичи район тургундарынын айткандарын четке кагып, алар 4 миллион сом карыз экендиктерин билдирген.

Авторлор: Айзирек Алмазбекова жана Дарина Манасбекова