Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев оң рулдуу унааларды жүргүнчү ташуу үчүн пайдаланууга тыюу салган мыйзам долбооруна кол койгон жок. Президент аны кемчиликтерин иштеп чыгуу талабы менен кайрадан парламентке жөнөттү.
Атамбаев бул мыйзам долбоору өлкөнүн автотранспорт тармагына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептеп, аны кайра иштеп чыгууга жөнөттү, — бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Мыйзам долбоору автотранспорттук тармакты натыйжалуу башкарууга түрткү бербейт жана анын кесепети автотраспорттук кызмат көрсөтүү рыногуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андан сырткары, мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген ченемдер жана бир катар ички карама каршылыктар бар», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.
Өлкө башчысы бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы кичи жана орто ишкерлик менен алектенген адамдардын укуктарын кемсинте тургандыгын белгилейт. Айтымында, мыйзам долбоору ишке кирсе ал ишкерлерге кымбат баадагы сол рулдуу унааларды сатып алууга туура келип калат.
Президент оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү гана эмес жүктөрдү да ташууга тыюу салуу керектигин белгилеген.
«Рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автотранспорттук каражаттар менен жүктөрдү ташуу да жол кыймылынын коопсуздугуна, анын натыйжасында жарандардын жашоо-турмушунун жана ден соолугунун коопсуздугуна коркунуч туудурат», — деп жазылган билдирүүдө.
Парламент бул мыйзам долбоорун 18-апрелде үчүнчү окууда кабыл алган. Депутаттар чечимге келүүдө оң рулдуу унаалардын кырсыктарга көп дуушар болуп жаткандыгын колдонмо катары алышкан.
«Азыр өлкөдө канча оң рулдуу такси бар экенин эч ким билбейт. Бирок кырсыктардын көбү оң рулдуу унаалардын катышуусунда болот деген маалыматтар бар», – дейт мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Анвар Артыков.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, оң рулдуу унаалар сол рулдуу унааларга караганда болжол менен кырсыкка эки эсе көп кабылышат.
Нааразычылык акциясы
22-майда Бишкектин активисттери оң рулдуу унаалар менен адам ташууга тыюу салган мыйзам долбооруна каршы нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.
Акциянын жүрүшүндө алар Ак үйдүн алдынан өтүп бара жатышып сигнал бере башташкан. Акциянын кээ бир катышуучулары милиция тарабынан токтолуп, эч себепсиз эле айдоочулук күбөлүктөрүнөн ажырашкан.
Акция өткөн күндүн эртеси анын катышуучулары – активист Камила Мурзаева, Каржы министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Азамат Акелеев жана Борбор азиялык Эркин рынок институтунун директору Мирсулжан Намазалиевдер «маектешүү» үчүн милицияга чакырылган, укук коргоо органдарынын айтымдарында, жергиликтүү тургундар акция катышуучуларынын катуу сигнал бергендиктерине нааразы болуп даттанышкан.
Активисттерге карата «бейбаштык» беренеси боюнча айып тагылган. Сот аларды күнөөлүү деп таап айып төлөөгө милдеттендирген. Бирок алар айып төлөбөй, соттун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна арызданышкан. Азырынча ал соттун отуруму боло турган күн белгилене элек.
Автор: Александра Ли