Президенттин аппаратынын мурунку кызматкери УКМКнын башчысы болуп дайындалды

bishkek-at-night_10350

Президент Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Бейшенбай Жунусовду кызматынан кетирди. Атайын кызматтагылардын жаңы башчысы болуп буга чейин өлкө башчысынын аппаратында иштеген Бусурманкул Табалдиев дайындалды.

Жунусов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан алынды, деп жазылган президенттин сайтында.

УКМКнын мурунку башчысы кайсыл кызматка которула тургандыгын өлкө башчысынын басма сөз кызматы тактап билдирген жок.

Жунусов кызматында жарым жылдан ашык иштеди. Анда ал учурда коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановду алмаштырган болчу.

Атайын кызматтагылардын жаңы төрагасы болуп бүгүнкү күнгө чейин президенттин аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүн жетектеп келген Бусурманкул Табалдиев дайындалды.

Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдети менен бирге Коргоо кеңешинин катчысынын милдетин да убактылуу аткарат.

Табалдиев атайын кызматтагыларды буга чейин – 2006-жылы да башкарган, бирок өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Саясий талдоочу Марат Казакпаев Табалдиевдин дайындалышы Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы митингдерге байланыштуу деп эсептейт.

«Жалал-Абад облусу менен Жети-Өгүз районундагы окуялардан кийин аны салмактуу кадр катары коюшту. Бул президенттин жеке демилгеси го дейм. УКМКнын структурасын бекемдеп, аны барктуу жана тажрыйбалуу адам башкаруусу зарыл», — деди ал.

Бирок Казакбаев президенттин аппаратынын мурунку жумушчусу кокустан эле УКМКнын төрагасы болуп дайындалбагандыгын белгилейт.

«Тилекке каршы, Атамбаев [президент Алмазбек Атамбаев] кайрадан өзүн эски кадрлар менен курчап жатат», — дейт талдоочу.

Саясий серепчи Марс Сариев да Табалдиевдин дайындалышы кызматка туура келчү талапкерлердин аздыгы менен байланыштуу деп эсептейт.

«Бул чекисттик чөйрөдө, тактап айтканда УКМКда профессионалдардын өтө эле аздыгы жана кадрдык курамынын өтө тардыгы менен байланыштуу деп ойлойм, ошондуктан Бусурманкул Табалдиевди дайындашты», — дейт ал.

Автор: Нуржамал Жаныбекова