Бишкек: Сухэ-Батор көчөсүндөгү оңдоо иштери жамгырдан улам аяктабай жатат

bishkek-at-night_10350

Сухэ-Батор көчөсү 1-июнда ачылышы керек болчу, бирок дээрлик күн сайын жаап жаткан жамгырдан улам оңдоо иштери аяктабай жатат. Капиталдык курулуш башкармалыгы ишти аягына чейин чыгаруу үчүн аларга болгону үч гана күн талап кылынаарын билдирүүдө.

Токомбаев («Жаңы жолдун») көчөсүнүн оңдолуп жаткандыгына байланыштуу жабык турган Сухэ-Батор көчөсүндөгү оңдоо иштери жаап жаткан жамгырдан улам бүтпөй жатат, — бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров билдирди.

«Мен аны бүгүн ачайын дегем, бирок болбой калды, анткени жаан жаап жатканда асфальт төшөөгө болбойт. Мына азыр эле нөшөрлөгөн жамгыр жаап өттү, аба ырайынын ачылышын күтүп жатам. Аба ырайы жакшы болоору менен асфальт төшөйбүз да жол ачылат», — деди Ажекбаров Kloop.kgге берген маегинде.

Ал жолду 1-июнда ачуулары керек болгондугун, бирок эми аны ачуу эмки жумага калтырылаарын билдирди. Айтымында, оңдоо иштеринин аякташына дагы үч күн талап кылынат.

«Асфальттын жогорку катмарын төшөө үчүн бир күндүк убакыт керектелет, люктарды түзөтүү, тосмолорду орнотуп, белги салып, орнотууга дагы эки күн талап кылынат», — деп билдирди Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери.

Сухэ-Батор көчөсү марттын аягында жабылган. 2013-жылга чейин ал көчөнүн чуңкурлары гана оңдолуп келген. Бул жылы бийликтегилер Бишкектин түштүгүндөгү эки ири  - Токомбаев жана Юнусалиев (мурунку Карл Марк көчөсү) көчөлөрүнүн ортосундагы участогун капиталдык оңдоодон өткөрүү чечимине келишкен.

Сухэ-Батор — Бишкектин түштүгүндөгү кыска көчө, бирок ал бир нече ири көчөлөрдү бириктирип тургандыктан анын жабылышы кичи райондордо олуттуу траспорттук көйгөйлөрдү жаратты.

Бирок жергилитүү тургундар жолдун оңдолушу боюнча даттанышпай эле. Жашоочулар жолдордун жабылышынан улам алардын багыттарды өзгөрбөгөндүгүн айтып жатышат.

«Тескерисинче, мен жашаган жерде көп транспорт каттамы пайда болду, ошондуктан мен даттанбай элем», — деди Сухе-Батор көчөсүнүн жашоочусу Диана Токутдинова.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген ошол эле көчөнүн жашоочуларынын дагы бири анын багыты да эч өзгөрбөгөндүгүн билдирди.

«Менин багытым таптакыр өзгөргөн жок. Мен ошол эле жерден отуруп, ошол эле жерден түшөм, бирок башка жолдор менен жүрөм», — деди ал.

Автор: Анастасия Ласкина