Көлбаевдин өнөктөштөрү криминал авторитети менен алакалары болгондугун четке кагып жатышат

bishkek-at-night_10350

Камчы Көлбаевдин Биринчи май райондук сотунда сурак берген өнөктөштөрү сот жообуна тартылып жаткан кримавторитет менен алакалары болгондугун четке кагышты. Кийинки отурумунда сот тараптардын жарыш сөзүнө өтөт.

Көлбаевдин суракка алынган бардык өнөктөштөрү тең – Махмутжан Именахунов, Адилет Касенов жана Чынгыз Жумагуловдор – сотто авторитет менен тааныш эместиктерин жана аны менен алакалары болбогондугун билдиришти.

Именахунов сотто Көлбаев менен эч качан тааныш болбогондугун жана аны бир нече жолу гана абактан көргөндүгүн билдирди.

«Көлбаевдин тобуна тиешем жок», — деди ал.

Бирок айыптоочу тараптын версиясы боюнча, Именахунов Көлбаевдин кылмыштуу тобунун казыначысынын башкаруучусу болгон.

«Кылмыш дүйнөсүнүн казыначысы» жана Ысык-Көл аймагы боюнча «смотрящий» катары белгилүү.болгон Касенов Көлбаевди билээрин, бирок аны менен эч качан алакасы болбогондугу айтты.

«Ооба, билем. Мен аны сыйлуу, кайрымдуу жана колу ачык адам катары билем», — деди ал сотто.

«Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү» деп айтылып келген Чынгыз Думагулов дагы ошолорду эле айтты.

Авторитет

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өткөн алгачкы соттук процесс эмес.

90-жылдардын аягында ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган болчу.

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Алексей Ким