Президенттин басма сөз кызматы: Бакиевдер Кыргызстандагы бийликтин алмашуусуна үмүт кылып жатышат

bishkek-at-night_10350

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев акыркы эки жылдан берки  алгачкы интервьюсун берип, учурдагы бийликти сынга алды. Жооп катары азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы Бакиевди калпычы деп атады.

Курманбек Бакиев 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин качып кеткен соң Белоруссиядагы жашоосунун алгачкы айларында активдүү болуп, бирок акыркы эки жылдан бери маалымат каражаттары менен сүйлөшүүдөн баш тартып келген.

Ал тыныгуулардан кийинки алгачкы маегин «Интерфакс-Батыш» маалымат агенттигине –өлкөнүн түштүгүндө «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг өтүп жаткан маалда берген.

Бакиев андан кийин өлкөнү башкарган президенттерди — Роза Отунбаева менен  учурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди — ал башчы болуп турганда «Кумтөр» алтын кени боюнча макулдашуунун Кыргызстан үчүн пайдасыз болгон вариантын колдошкон деп айыптады.

«Атамбаев дагы, Отунбаева дагы өлкөгө пайдасыз болгон макулдашууну колдошкон. Эгер кимдир бирөө мени калп айтып жатат деп ишенбесе парламент отурумунун стенограммасын көтөрүп чыгып, менин айткандарымды туура экендигине ынансын», — деп билдирген Бакиев.

Мурунку президент Атамбаев менен Отунбаева колдогон макулдашуу эмнеси менен пайдасыз экендиги тууралуу тактап айткан эмес.

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов Kloop.kgге берген маегинде Бакиев «Кумтөр» менен пайдасыз долбоолорду ишке ашыргандыгын айтты.

«Бакиевдер 2009-жылы канадалыктарга кошумча 16,5 миң гектар концессиялык алтын аянтын белек кылган [...] Ошол эле маалда мамлекеттин жоготуусу курулай элестетилген утуштан бир нече эсеге көп болгон. А байкоочулар ошондо эле Бакиевдин кичүү уулунун алдамчылыктарын айтышкан», — деди ал.

Токтогулов Бакиев кокустан эле дал ошол маалда маек берген жок эсептейт — анын маеги «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн нааразычылык акцияларына туура келип калган, бийликтегилер ал митингдерди уюштурууга Бакиевдердин жакындарынын тиешелери бар болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

«Жашоо Бакиевди өзгөрткөн жок, Акаевдей эле алдап жатат. А маектин чыккан убактысы Бакиевдин бетин ачып койду. Жети-Өгүз району менен Жалал-Абаддагы кырдаалды күчөтүү андагы митингдерди түздөн-түз уюштургандар менен аткаруучулардан башка дагы кимге пайдалуу экендиги дароо билинди. Бакиевдер Кыргызстандагы бийликтин алмашуусуна үмүттөнүп жатышат», — деп ишенет президенттин басма сөз катчысы.

Митингдерге тиешеси барбы?

Саясат таануучу Марс Сариев саясатка кайрылып келбейм деген билдирүүсүнө карабастан Бакиев Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсүн улантып жатат деп эсептейт.

«Эс алууга кетип, кийлигишпегендигин айтканы менен анын маеги өлкөдөгү саясий абалга түздөн-түз кийлигишүү жана ага таасир этүү аракети болду. Ал анан таасир этти, анткени маек Жалал-Абаддагыларды аракетке чакыруу белгиси катары кабыл алынды», — деди Сариев Kloop.kgге берген маегинде.

Саясат таануучу Марат Казакпаев кесиптешинин пикири менен толук макул болду.

«Ал кандай гана болбосун өзүн акташы керек, ошондуктан ал мындай кырдаалдардан [митингдерден] пайдаланат. Андагы окуяларды Бакиев каржылаган болушу ыктымал», — деп божомолдойт ал.

Бакиев маегинде учурдагы бийликтин дарегине сын айткандан тышкары Белоруссиянын жараны экендигин, мындан улам аны Кыргызстанга өткөрүп берүүгө мүмкүн эместигин ырастаган. Ал Кыргызстанда 2010-жылдагы төңкөрүш маалында демонстранттарга каршы ок атууга жана өз аппаратынын мурунку жетекчиси Медер Садыркуловду өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталып жатат.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды