Р.Сабировдун жердештери Президентке кайрылды

DSC_0775

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри, абактагы Равшан Сабировдун жердештери Жогорку соттун өкүмүн жокко чыгаруу талабы менен өлкө башчыга Кайрылуу жолдошту.

Бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаӊы-Арык айылынын тургундары Равшан Сабировго тагылган Жогорку соттун чечимин жокко чыгаруу талабы менен тынчтык митингин өткөрдү. Алар мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Р.Сабировду бейкүнөө абакта отурат деп эсептешет.

DSC_0781
Тынчтык митингине Р.Сабировдун 100гө жакын жердештери катышты.

Тынчтык митингин уюштургандар өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге Кайрылуу кабыл алышты.

Равшан Сабировду коргоо комитеттинин катчысы Базарбай Айдаралиев сот органдары тарабынан Равшан Сабировдун жарандык укуктары тебеленип жатканын айтып, сот чечимдеринде одоно каталар кетирилгенин белгиледи:

Равшан Сабировду коргоо комитетинин катчысы Базарбай Айдаралиев
Равшан Сабировду коргоо комитетинин катчысы Базарбай Айдаралиев

«Жогорку сот эл аралык бала сатуу боюнча «Ин каммино пер ла фамилия» алдамчы кылмыш тобу кармалгандан кийин  жаӊы жагдайлар ачылганын эске албай, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырып койду.

Равшан Сабиров боюнча чыгарылган акыркы сот чечиминде мыйзамдын одоно түрдө бузулуп, бурмаланганы дапдаана көрүнүп турат. Президент Башмыйзамдын кепили катары калыс өз пикирин билдирет деп Жаӊы-Арык эли тереӊ ишенет»,- деди Базарбай Айдаралиев.

Тынчтык митингине Р.Сабировдун 100гө жакын жердештери катышты.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров эл аралык бала асыроодо пара алган деп айыпталып, өткөн жылдын 5-июлунда камакка алынган. Жогорку сот аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга катаал режимдеги абакка камоо менен эркинен ажыраткан.

 

Автор: Мээрбан Койлубай кызы

Сүрөттөр автордуку.

Редактор: Гүлзат Газиева