«Азия Микс» «Голосящий КиВиН» фестивалына барат

bishkek-at-night_10350

Кыргызстандын «Азия Микс» командасы «Голосящий КиВиН» музыкалык фестивалына барат. Ал 20-июлда Латвиянын Юрмала шаарында өтөт.

«Азия Микс» Юрмаладагы «Голосящий КиВиНге» катышат, деп жазылган команданын «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү расмий баракчасында.

«Жакында биз Юрмалага, “Голосящий КиВин” музыкалык фестивалына учуп кетебиз [...] Биздин сүйүктүү өлкөбүздүн атынан Латвияда оюн көрсөтүү  сыймыгы дал биздин энчибизге тийгендигине кубанычтабыз. КиВинди Кыргызстанга алып келүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз», — деп жазылган команданын баракчасында.

КВНдин эл аралык союзунун расмий сайтындагы маалымат боюнча, фестивал 20-июлда өтөт.

«Голосящий КиВиН» — Юрмалада жыл сайын өтүүчү КВН командаларынын музыкалык фестивалы. Ал командалар бир гана – музыкалык сынакта гана ойногондуктары, ошондой эле упайлардын ордуна атайын «КиВиН» сыйлыктарын ала тургандыктары менен өзгөчөлөнөт.

«Азия Микс» кыргыз командасы КВНдин Жогорку лигасында Россиянын Сочи шаарында өткөн «КиВиН-2013» фестивалынын тандап алуу бөлүгүндөгү ийгиликтүү оюн көрсөткөндөн кийин, 2013-жылдан баштап ойноп баштаган.

Бирок «Азия Микс» чейрек финалда жеңилип, катардан чыгып калгандыктар 2013-жылкы сезондун финалына өтө алган эмес. Анда алар «КемБридж», «ГородЪ ПятигорскЪ», «Факультет журналистики» жана «Союз» командалары менен ойношкон.

Команда 11,9 упайга ээ болуп төртүнчү орунду алган – бул көрсөткүч оюндун жеңүүчүсү аталган Кемеровдон келген «КемБридж» командасы ээ болгон упайдан 2,1 упайга аз.

Чейрек финалда жеңилип, Кыргызстанга кайтып келген соң команда капитаны Эльдияр  Кененсаров журналисттер менен болгон жолугушуусунда Жогорку лиганын редакторлору алардан Россиядагы көйгөйлөр жөнүндө тамашалабоосун өтүнүшкөндүгүн билдирген.

Кененсаровдун айтымында, Орусиядагы коррупция жөнүндөгү, ошондой эле алкоголизм жана 2014-жылдагы Кышкы олимпиаданы уюштурууда мүмкүн болуп жаткан каржылык алдамчылыктар боюнча айтыла турган «Сочидеги акча уурдоолор» жөнүндөгү тамашалар сынга кабылып, алынган.

«Шайыр тапкычтар клубу» — 1961-жылы СССРде пайда болгон популярдуу юмористтик оюн.

1964-жылдан бери анын алмашкыс алып баруучусу Александр Масляков — учурда ал Жогорку лиганы гана алып барат.

1971-жылдын соңунда СССРди тымызын шылдың кылгандыгы үчүн КВНди жаап салышкан, оюн кайра куруу доорунда — 1986-жылы кайрадан өз ишин уланта баштап, ошондон бүгүнкү күнгө чейин КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу теле шоу болуп саналат.

Автор: Александра Ли