Бишкек шаардык соту «ата-журтчу» депутаттарды сот процесси аяктаганга чейин камакта калтырды. Алар «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митинг маалында «күч колдонуп бийликти басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.
7-июндагы сот жыйынында «Ата-Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун жактоочулары алар жактоого алган депутаттардын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнүштү.
«Биз жактоого алган депутаттарга карата бир жарым жылдык жаза берилген. Эгер аларды азыр кое берсек өлкөдөгү курчуган абал жөнгө салынат [...] Ошондой эле “Кумтөрдүн” айланасындагы маселени Садыр Жапаровдун түздөн-түз катышуусусуз чечүүгө болбойт. Келгиле, адамдар кайсыл жерде керектүүрөөк болсо алардын ошол жерде болушуна мүмкүнчүлүк берели», — деди депутаттардын жактоочусу Икрамидин Айткулов.
Анын бул сунушун сот жообуна тартылып жаткан саясатчылардын коомдук жактоочулары – «Ата-Журттун» депутаты Жылдызкан Жолдошева менен мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаровдор колдошту.
«Эгер бүгүн сот аларды кое бербесе бүткүл өлкө боюнча адамдар көчөгө чыгышат, башаламандык болот. Өлкө үчүн туруксуз оор учур башталат. Силер эмне инвесторлордун бардыгынын чыгып кетишин каалап жатасыңарбы?», — деп сөз сүйлөдү сотто Бекназаров.
Бирок Бишкек шаардык сотунун судьясы саясатчыларды камакта калтыруу чечимин чыгарды.
«Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор өткөн жылдын октябрынын башында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.
Марттын аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» депутаттарын күнөөлүү деп тапкан.
Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бир жарым жылга, Талант Мамытов бир жылга эркинен ажыратылган. Алардын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында өткөргөн жарым жылы бир жыл катары эсептелинет.
Депутаттар айыпталып жаткан калган бардык беренелер боюнча акталышты, алардын арасында элди конституциялык түзүмдү кулатууга чакыруу үчүн жаза каралган 297-берене дагы бар.
Саясатчылар алар тараптан бийликти басып алуу чакырыктары болбогондугун айтышып, күнөөлөрүн мойундарына алышпай эле.
Автор: Хлоя Гейне