Ысык-Көл митингдерден улам «туристтерди жоготпойт»

bishkek-at-night_10350

Жалал-Абад менен Жети-Өгүздөгү митингдер туристтердин Кыргызстанга келишине таасирин тийгизбейт, деп билдирди Кыргызстандын курорттук-ден соолук чыңдоо мекемелер Ассоциациясы. Бирок кээ бир ишкерлер буга карама-каршы пикирлерин айтып жатышат.

Ысык-Көл облусунун курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин Ассоциациясынын башчысы Акжолтой Насирдинов туристтер тарабынан митингдерден улам Кыргызстанга келүүдөн массалык баш тартуу болгон жок деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндө туристтер тарабынан массалык баш тартуу болгон жок, бирок биздин мамлекеттик билбеген бирин-серин баш тарткан туристтер болду», — деди Насирдинов журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

Ассоциация башчысы кыргыз митингдеринин туристтерди кооптондура турган деле эч нерсеси жоктугун айтты.

«Өлкөдөгү митингдер — бул көнүмүш эле окуя, анткени бул башка мамлекеттерде деле байкалат, митингдер Европада да, Россияда да, Казакстанда да болот. Алар Францияда жана башка өлкөлөрдө да өтүп жатат», — деп эсептейт ал.

Альпинисттер федерациясынын вице-президенти Владимир Бирюков дагы тоого келе турган туристтер менен альпинисттер тараптан да массалык баш тартуу болболгондугун билдирди.

«Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн келе турган альпинисттер менен экстримал-тоо туристтери тараптан бир дагы баш тартуу болгон жок», — деп ишендирди ал.

«Исык-Көл Трэвел» туристтик компаниясынын менеджери да Насирдинов менен бир пикирде.

«Күн сайын билдирмелер келип түшүүдө, туристтер Ысык-Көлдөгү пансионаттарды брондоп жатышат. Негизинен өзгөчө деле өзгөрүү жок, мүмкүн бир аз гана азыраактыр. Туристтер эс алуу жайларын брондоодо кырдаалга кызыгып, абал жөнүндө сурап жатышат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок кээ бир туристтик компаниялардын жумушчулары башкача айтып жатышат.

«Три короны» туристтик компаниясынын менеджери митингдерден улам аларда кардарлардын саны азайып, брондолгон орундардан баш тартып жаткандыктарын Kloop.kgге билдирди.

«Окуялар болоору менен билдирмелер өтө аз боло түштү. Апрелде, майда, ал эмес мартта дагы кайрылгандар көп болгон. Анда адамдардын көптүгүнөн түштөнүүгө да убакыт жок болуп калып жаткан. А азыр болсо жөн гана отурабыз, бир эки гана билдирме келип түшөт. Башка өлкөлөрдө дүрбөлөң, алар бизге келүүдөн коркуп жатышат», — дейт ал.

Анын айткандарын «Инспиро Групп» туристтик компаниясынын кеңешчиси Алибек Рахматулаева колдоду.

«Өлкөдөгү окуялар албетте таасирин тийгизди, дүрбөлөң болду. Казактар кырдаалды апыртышып, брондолгон орундарынан баш тартышты. Бирок кандай болсо да быйыл былтыркыга караганда туристтердин саны көп болот», — деди Рахматулаева Kloop.kgге берген маегинде.

Ысык-Көл облусундагы митинг май айынын аягында башталган. Демонстранттар «Кумтөр» алтын кенинин улутташтырылышын талап кылышкан. Алар бир нече күн бою кенге барчу жалгыз жолду тосушуп, аны камалап турушкан. Ошондой эле «Кумтөргө» электр энергиясын берип турган көмөкчордонду басып алышып, заводду эки жолу электр кубатысыз калтырышкан.

Ысык-Көл облусуна премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барып, өкмөт андагы чогулгандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин аймактагы митинг токтоп, заводдун иши кайрадан жандандырылган.

Ысык-Көлдөгү митингдер менен катар 31-майда Жалал-Абад облусунда да нааразычылык акциясы башталган. Демонстранттар облустук мамлекеттик администрациянын имаратын басып алышып, «элдик» губернатор катары Медер Үсөновдү дайындашкан, кийин ал атайын кызматтагылар тарабынан кармалган соң эл Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алган.

Митинг 5-июнда, Үсөнов Жалал-Абаддын жашоочуларынын жеке кепилдиги менен УКМКдан чыгарылгандан кийин аяктаган.

Автор: Нурия Рыскулова