Милиционерлерге видеоаныктагычтары жок радарларды колдонууга тыюу салынды

DPS1

10-июндан баштап Кыргызстандын жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлерине айдоочулардын ылдамдыктарын сүрөт жана видеоаныктагычтары жок радарлар менен өлчөөгө болбойт. Айдоочулар бул жаңы киргизилген эрежени кубаттап жатышат, бирок өлкө боюнча колдонууга жарактуу андай 24 гана радар калган.

Өлчөнгөн ылдамдыктын бузулгандыгын далилдей албагандыгына байланыштуу Кыргызстандын Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери колдонуп келген «Сокол» жана «Беркут» радарлары менен иштөөгө тыюу салынды — бул маалыматты Kloop.kgге берген маегинде Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын басма сөз катчысы Елена Аильчиева ырастады.

Жол кыймылын көзөмөлдөй турган кызматкерлер ылдамдыктын бузулушун сүрөт жана видеого жазып алуу мумкүнчүлүктөрүнө ээ «Визир» радарларын колдонууга өтүшөт. Бирок Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, учурда өлкө боюнча андай функциялуу 24 гана радар бар.

«Унаа кырсыктарынын келип чыгуусуна себеп болгон эреже бузуулардын эң негизгилеринин бири — бул ылдамдык режиминин бузулушу. Албетте радарлардын мындай аз саны андай кырсыктар менен күрөшүүнү эффективдүү камсыз кылып бере албайт», — деди Аильчиева Kloop.kgге берген маегинде.

Азырынча жаңы радарларды сатып алууга качан каражат бөлүнөөрү белгисиз.

Айдоочулар кубаттап жатышат

Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан сурамжыланган бишкектик айдоочулар жалпысынан видеоаныктагычтары жок радарларга тыюу салынгандыгын кубаттап, жакшы кабыл алышты.

Айдоочу Камчыбек жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери ага көп эле жолу жаңылыштык менен айып пул төлөткөндүктөрүн айтты.

«Акырын эле бара жатканда жаныңан катуу ылдамдыкта бирөө өтүп кетсе аны эмес сени токтоткон учурлар кездешет. А эгер видеорадарлар болгондо кимдин эреже бузгандыгын номуру аркылуу билинип калмак», — деп эсептейт Камчыбек.

Анын айткандарын унаа ээси Николай толугу менен колдойт.

«Видео жазуу болсо айдоочулар бир аз сестенишип, жолдо тартип болмок», — деп ишенет ал.

Бирок айдоочулардын бардыгы эле андай оптимист эмес экен — такси айдоочусу Олег радарды алмаштыруу жолдогу эреже бузуулардын санына таасирин тийгизбейт деп эсептейт.

«Айдоочу радарлар барда дагы, алар жокто дагы эреже буза берет», — деди ал.

Авторлор: Дарина Манасбекова жана Руслан Үмөталиев

Редактор: Айдай Токоева