Милиция адамдарды Ош базарынын жанындагы урушка «азгырган» жаранды кармады

Image-11

9-июнда Ош базарынын жанында болгон унаа кырсыгынын күбөлөрү анын катышуучуларынын ортосундагы урушка күбө болушту. Анын башталышына себепкер болгон делинип жаткан адам кармалды. Жабырлангандар жок.

Унаа кырсыгынын күбөлөрү ага катышкан айдоочулардын биринин унаасын көздөй таш ыргытышкан — бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

Кырсык «Лексус-470» жана «Ниссан» үлгүсүндөгү унаалардын ортосунда болгон. Күбөлөрдүн айтымдарында, «Лексус» Чүй проспектиси менен келе жатып светофор сары күйгөндөн кийин өтүп барып «Ниссанды» сүзгөн.

«Андагы кырсык болжол менен 22:00дордо болгон. “Лексус” Чүй проспектиси менен келе жатып сары күйгөндөн кийин өтүп келип кыздын башкаруусундагы“Ниссанды”сүздү, ал 20 метрдей учуп кетти», — деп жазган «Дизель» форумунун окуяга күбө болгон Supersoniq аттуу колдонуучусу.

Андан кийин кырсыктын катышуучуларынын айланасына көптөгөн күбөлөр чогулушуп, «Лексусту» таш менен ургулап салышкан.

«Эгер анда жергиликтүүлөр болбогондо өз алдынча эле чечишип алышмак. Алар урушту башташып джипти таш менен уруп салышкан [...] Унааны эмне себептен таш менен ургандыктары  — түшүнүксүз», — дейт Осмонбаев.

Болжолдуу түрдө окуяны баштап, адамдарды көкүткөн делинип жаткан Бектурсун Осмонкариев ошол эле күнү кечинде кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта. Ага карата «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Экспертиза Осмонкариевдин мас абалында болгондугун далилдеди», — деп кошумчалады ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү.

Азырынча унаа кырсыгына ким күнөөлүү болгондугу так белгисиз.

Бул унаа кырсыгына күбө болгондор тарабынан азгырып, «жаман ишке көкүтүү» болгон алгачкы окуя эмес. Майдын ортосунда жөө жүргүнчү жабыр тарткан унаа кырсыгынан кийин ага күбө болгон 50дөй адамдын ортосунда мушташ чыккан.

Окуя Жибек-Жолу жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде, «Тойота 4 Раннер» алдында бара жаткан «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унааны, ал өз кезегинде жөө жүргүнчүнү барып сүзгөндөн кийин башталган.

«Тойотаны» 24 жаштагы А. Айтахунова, а «Мерседести» 64 жаштагы У. Иргебаев башкарып бара жаткан, деп жазылган шаардык милиция башкармалыгынын сайтында.

Ал жерден өтүп бара жаткан Элиза Смаилова «Мерседес» жөө адамды «Тойотанын» айдоочусунун айынан сүзүп алганын айтып, анда тегеректеп калган адамдарды Айтахунованы кармоого чакырып баштаган, деп билдирген ШИИБи.

Андан соң окуя болгон жерге карындашын алып кетүү үчүн Айтахунованын агасы келген, бирок 50-55 адамдан турган топ ага жана «Мерседестин» айдоочусуна кол салышкан.

Анан адамдар Иргебаев менен Айтахунованы «сабап» башташкан.

Жыйынтыгында, эки айдоочу тең окуя болгон жерден качып кетишкен.

Кийинчерээк милиция Смаилованы кармаган. Сот ага баш коргоо чарасы катары эки ай камакка алуу чечимин чыгарган.

Автор: Шахида Дүйшеева