Сот мурунку премьер-министрди 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча сырттан өкүм чыгарды

P

7-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку премьер-министр Данияр Үсөновду мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча сырттан өкүм чыгарды. Соттун чечими боюнча он күндүн ичинде жогорку инстанциядагы сотко кайрылса болот.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Үсөновду 2008-жылы Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп турган кезде кылынган кылмыштарга күнөөлүү деп тапты, деп жазылган Жогорку соттун билдирүүсүндө.

Сот аны кылмыш кодексинин эки – «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «жер жөнүндөгү мыйзамды бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Үсөнов Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп турган кезде жер тилкелерин мыйзамсыз саткан.

«Сот жообуна тартылган Үсөнов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер мыйзамын одоно бузган [...] Сот анын шаардын кызыкчылыгына карабастан кызмат абалын пайдалангандыгы боюнча күнөөсү далилденген деп эсептейт», — деп жазылган соттун өкүмүндө.

Мамлекеттик айыптоочулардын маалыматына ылайык, Үсөновдун иш-аракеттеринин жыйынытыгында борбордогу «Ата-Түрк» атындагы сейил багынан 11 гектар жер мыйзамсыз сатылып, мамлекетке 160 миллион сомдук чыгым келтирилген.

Өкүм боюнча чечим чыгарылгандан кийин 10 күндөн кийин Бишкек шаардык сотуна кайрылууга мүмкүн.

Үсөнов ошондой эле 2010-жылдагы революция боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучулардын бири катары өтүп жатат. Ал кезде ал премьер-министрлик кызматты ээлеп турган, бирок революциянын жүрүшүндө кызматтан кетип, Кыргызстандан чыгып кеткен.

Ошондон бери ал издөөдө, азыр кайсыл жерде экендиги белгисиз.

Автор: Александра Ли